www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш ишин маалымат каражаттарынан окуганын айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактардын бирине билдирди. 

--"Мени унчукпай калсын деп кылмыш ишин козгоп жатышат. Муну саясий буйрук катары баалайм. Шайлоодон кийин кылмыш иши козголо турганын билгем. Бул боюнча социалдык тармакка журналист Сыргак Абдылдаев дагы жазган", - деди ал.

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. 

--"УКМКнын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузушуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүктөрүнө кол салышып, мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Ошону менен бирге, Сегизбаев жакын туугандарына Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалашып жана бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түр жаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчиктерине өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары, Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле анын жакынынын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 319-берененин (Коррупция) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости