www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгонун тастыктады.

Башкы прокуратуранын маалыматы:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жер кодексинин талаптарына ылайык, жер, анын кен байлыктары, өсүмдүктөрү, жаныбарлары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин, иш-аракетинин негизи катары пайдалынат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарууга алынат, ал эми жайыттар жеке менчикке же ижарага берилбейт.

Бирок УКМКнын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен Баш мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлерине кол салып, коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерди 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, курулуштарды жүргүзүп, андан кийин жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Ошону менен бирге А.Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева, Г.Кеңешова жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалап, Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алып, жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары А.Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К.Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

20-январда Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козгологну айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости