www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүздө 200 адамга ылайыкталган мечит курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында дагы бир жаңы мечит салынууда. Бул тууралуу аталган райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мечит 200 кишинин намаз окуусуна ылайыкталып, бардык шарттары бар даараткана жана хужурканасы менен курулууда. Бүгүнкү күндө мечиттин курулуш иштеринин дээрлик 70 пайызы аяктап калды.

“Бул мечиттин курулуш иштери болжол менен бир жыл мурун башталган. Учурда дубалдары тургузулуп, чатыры жабылды. Мечит толугу менен “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. Жергиликтүү эл да колунан келген жардамын берип, куруучуларды ысык тамак менен камсыздоого көмөк көрсөтүшүүдө”,- деди Талантбек Акылбек уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости