www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минскиде белгисиз адам өзүнө өрт койду

Беларустун борбор калаасы Минскидеги Эгемендик аянтында белгисиз адам өзүнө өрт койду.

Окуя өкмөт үйүнүн, парламенттин жана Минск мэриясынын имараты курчаган аянтта болгон. Анда белгисиз адамдын күйүп жаткан видеосу тарады. Дагы бир тасмада милиция кызматкерлери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, азырынча анын эмне себептен мындай кадамга барганы расмий айтыла элек.

Ал эми Минск мэриясынын маалымат катчысы бул окуя боюнча тергөө башталганын билдирди. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги өзүнө өрт койгон адамдын денесинин 50 пайызы күйүп калганын жана оор абалда экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Беларуста былтыр августтагы президенттик шайлоодон бери саясий кризис өкүм сүрүп келет. Бийлик өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кезектеги шайлоону утканын жарыяласа да, оппозиция жана бир катар өлкөлөр анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Ошондон бери бул өлкөдө нааразылык акциялары токтобой келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости