www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдованын Конституциялык соту орус тилине улут аралык тил деп макам берген чечимди Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Мындай арыз менен үч оппозициячыл депутат сотко кайрылган. Алар бул документ көпчүлүк жарандардын укуктарын бузуп, мамлекеттик тилдин ролун төмөндөттү деп жүйө келтирген.

Конституциялык соттун төрайымы Домника Маноле «бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт», деп билдирди.

Конституциялык сот Молдаванын парламенти 2020-жылдын 16-декабрында орус тилине өзгөчө макам бергени өлкөдөгү башка улуттук азчылыктардын тилине карата укугун бузарын белгилеген.

Молдовада парламент былтыр декабрда өлкө аймагында орус тилине «улут аралык баарлашуу тили» деген расмий макам берген мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орус тилинде да маалымат берүүгө милдеттүү.

Мыйзамга былтыр жыл аягында кызматтан кеткен орусиячыл президент Игорь Додон мөөнөтү бүтүп жатканда кол коюп кеткен.

Былтыр ноябрдагы шайлоонун экинчи айлампасында Мая Санду жеңип чыгып, кызматка киришти. Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Санду Батыш өлкөлөрү менен жакын мамиле курууну көздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости