www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз Республикасындагы Великобритания Бириккен Королчулугунун жана Түндүк Ирландиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, коррупцияга каршы туруу, сөз эркиндиги, жашыл экономика жаатындагы маселелер, буга катар 2021-жылдын 1-12-ноябрында Глазго шаарында (Шотландия) өтүүчү БУУ Рамкалык конвенция тараптарынын XXVI конференциясына катышуу маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы улуттук референдуму жогорку уюшкандык деңгээлде өткөндүгүн белгиледи жана үстүбүздөгү жылы орун алуучу маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди.

Тараптар бардык деңгээлдеги кыргыз-британ байланыштарын активдештирүүнүн жана эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости