www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-декабрда УКМКнын мурунку башчысы, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен мамилесин бузуп алганына өкүнөөрүн билдирди. Бул тууралуу ал журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.

«Мага саясатчылар, лидерлер тараптан ушунчалык көп кысым көрсөтүлсө дагы, бирок мен бир дагы ишти жапкан жокмун. Мен ал тургай көптөгөн саясатчылар менен урушуп кеттим. Өмүрбек Чиркешович менен мамилемди бузганыма өкүнөм.

Бул өлкөгө керектүү эң күчтүү саясатчы. Мен четке чыгып кете алган жокмун, мен үчүн бул ишти токтотуп коюу дегенди билдирет. Ошондо эл мени коркуп калды деп айтышат. Мен аягына чейин бардым. Балким, Атамбаев муну да күткөн эмес. Келечекте мамилебиз кандай болот билбейм. Менде көп үмүт жок. Мен Текебаевге мыйзамдын чегинде иштегенимди ачык айтам», – деди ал.

Сегизбаевдин айтымында, учурда көптөгөн генералдар жумуш орундары үчүн бийликке кызмат өтөөгө кетишкен, бул анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышкан.

«Бул алардын имиджин түшүрдү. Мурда аларга генералдай мамиле кылышчу. Ошентип, бийлик үчүн алар шайтан менен достошууга даяр», – деп белгиледи Сегизбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости