www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Шрексин” деп мушташкан кыздарга сот чечим чыгарды

Жалал-Абад шаардык соту шаардагы тургунду “Шрек” дегендиги үчүн кызды басып алып коркутуп, ур-токмокко алган эки жаш келиндин жазык ишин карап, чечим кабыл алды. Өкүм 11-декабрда чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Тергөөдө маалым болгондой, Айшоола менен Жайна (аттары өзгөртүлдү) 2020-жылдын 17-август күнү саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде мас абалда жабырлануучу Акылайды (аты өзгөртүлдү Б. кызы А.) жерге жыгып, үстүнөн басып, ур-токмокто алышкан. Андан кийин аш бычагын моюнуна такап, «союп салабыз» деп коркутушкан. Бул окуянын жүрүшүн видеого тартышкан.

Сотто айыпталуучу Айшоола ага коюлган айып боюнча күнѳѳсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 2020-жылдын август айынын башында анын курбу кызы Акылай ага WhatsApp аркылуу «сен Шректин эркегисиң. Селсаякка окшошуп жүрөсүң» деп кат жазган. Айшоола Акылайга «өзүңдү билип ал» деп жазып, экөө телефон аркылуу урушуп кетишкен. 17-август күнү 12:00 чамасында Айшоола Акылай менен WhatsApp аркылуу сүйлөшүп, жолугалы деген. Акылай макул болуп, аны көчөдөн тосуп алган. Андан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге кирип, Айшоола жабырлануучуга «Шректин эркегисиң. Селсаякка окшошуп жүрөсүң деп жаздың» деп, экөө урушуп, чачташып кетишкен. Ошондо ал Акылайды жерге жыгып, үстүнөн басып, «мени Шректин эркеги деп айтасың» деп ур-токмокто алган. Андан кийин аны коркутуш үчүн диванда отурган шериги Жайнага «ашканада бычак турат, алып кел» деген. Жайна аш бычакты алып келип, Акылайдын мойнуна такап коркуткан. Андан кийин айыпталуучу Жайнанын колундагы аш бычакты алып, жабырлануучунун мойнуна кайра такап турган. Ошол маалда алардын үндөрүн уккан кошунасы эшикти тээп, бөлмөгө кирип келип, «эмнеге урушуп жатасыңар?» деп сураган. Айшоола Акылайдын жөнөткөн каттарын айтканда кошунасы аларды урушуп, милиция чакырарын айткан. Андан соң айыпталуучу колундагы аш бычакты паластын астына коюп, шериги экөө кетип калышкан.

Айшоола Акылай адамдык ар намыска шек келтиргендиктен аны коркутуп коюу максатында бычак такаганын, жасаган кылмышына терең өкүнүп жатканын, жаш баласын жана жалгыз бой эне экенин эске алып, ага карата камак менен байланышпаган жазаны берүүнү суранды.

Сотто жабырлануучу Акылайдын айтымында, Айшоола экөө окуядан мурун жакшы мамиледе болушкан. Август айынын баштарында экөө пикир келишпестиктен улам урушуп кетишкен. Арадан көп өтпөй Айшоола телефон чалып, «жолугалы» деп айткан. Жабырлануучу ага «үйгө келе бер» деген. Айыпталуучулар анын үйүнө мас абалда келишкен. «Түнү менен ичтик эле» деп, кезек-кезеги менен жуунуучу жайга кирип кусушкан. Андан кийин сүйлөшүп отуруп, Айшоола: «сен эмнеге мени шылдыңдайсың? Эмнеге мага жаман сөздөрүңдү айтасың? Сөзүңө жооп бересиңби?» деп, Акылайды чачынан кармап, жерге жыккан. Анан үстүнө отуруп алып, ура баштаган. Акылай ошондо «адамча сүйлөшөлү. Үстүмөн түш» деп айткан. Ошол учурда Жайна келип, көзгө эки-үч жолу урган. Андан кийин бычак такаган. Анын колундагы бычакты Айшоола алып, «мага берчи союп салайын. Мен сага караганда мыкаачыракмын. Москвада көп адамды өлтүрүп келгем» деп мойнума такаганда мойну кесилип канап кеткен. Жабырлануучу «жардамга» деп кыйкырганда кошунасы келген.

Акылай айыпталуучулардын ага карата жасаган кылмыштарын кечирбестигин жана аларга мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Сот тарабынан Айшоола Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бѳлүмүнүн 1-2-пункттары (Ээнбаштык) менен күнѳѳлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыртылды.

Жаза ѳтѳѳ мѳѳнѳтү 2020-жылдын 8-сентябрынан баштап эсептелип, бѳгѳт коюу чарасы ѳзгѳртүүсүз камакта калтырылды.

Жайна Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бѳлүмүнүн 1-2-пункттары (Ээнбаштык) менен күнѳѳлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыртылды.

Жаза ѳтѳѳ мѳѳнѳтү 2020-жылдын 17-сентябрынан баштап эсептелип, бѳгѳт коюу чарасы ѳзгѳртүүсүз үй камакта калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин камакка алынмай болду.

Өкүмгө нааразы тарап 30 сутка ичинде Жалал-Абад облустук сотко Жалал-Абад шаардык соту аркылуу апелляциялык тартипте даттанууга же сунуш келтирүүгө укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости