www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акча айланып турса, коомго пайда болот», - деди бүгүн, 24-мартта, NazarNews маалымат агенттигине экономист Сейдалы Мырзакматов.

- Сейдалы агай, акчаны алтын менен сактоо пайдалуубу же валюта менен сактообу?

- Акчаны алтын менен сактаса да, валюта менен сактаса да болот. Негизи сактоонун бардык түрү жакшы. Болгону канда акча деген маселе бар.

Алтын куймаларынын баасы миллион сомдон жогору экен. Чындап бул маселеге кайрылсак, тактап коё турган эки аспект бар.

Биринчиси, акчасы барлар акчасын бизнеске салат же товар түрүндө, кыймылсыз мүлк менен сакташат. Тагыраагы, ар кандай бизнестин башка сфераларында кармашат. Доллар көтөрүлсө, күйгөндөр ким?

Баягы эле, 500 доллардын айланасында акчасы барлар күйөт. Кичине акчасын сактап калам деп, чуркап барып доллар сатып алышат. Байлар болсо долларды эбак эле алып коюшат. Алар курс кымбаттаганда сатат. Тескерисинче пайда көрөт.

Акчаны алтын менен сактоонун талаштуу экинчи аспектиси тууралуу да айта кетейин. Акча эл чарбасында оборот болуп турушу да керек. Анткени, жалпы коомдук байлык болот. «Общественное богатство» деп аталат. Ал акчага алтын алып коюшса, ал жөн эле жатат. Акча айланып турса, коомго пайда болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости