www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жасакер Жапаровдун, батышчыл Эдил Байсаловдун Орусия-Украина маселеси боюнча ой түрмөктөрүн элге жарыялаганы тажатып бүттү. 1990-жылы октябрда Аскар Акаев президент болгон соң, анын энеси Асел: «Өз аялына алы жетпеген балам, эми кантип мамлекетти башкараар экен?» -деп таң калыптыр. Анын сыңарындай, өз аялы Анарага алы жетпеген Акылбек Жапаров Орусия менен Украина тууралуу эл арасын дүрбөтүп сөз кылбай койсо деле жарашмак.
Мына башкасын койолу, Акаев, Атамбаев менен табакташ болгон Акылбек Жапаровдун Анарасын алалы. Анын демилгеси менен “ДАМАС” пайда болгон, ушул учурда анда курулуш кайрадан жанданып убайын Анара айым көрүүдө. “ДАМАС” эмне болуп чечилет: Д-ДЖапарова А-Анара М-Миллионерша А-Акылбек С-Слушатель. “ДАМАСынын” ичинде 3- кабаты "тойкана-ресторан", 9- кабаты мейманкана, 5-кабаты "президенттик люкс- номер"- ок- өткүс брондолгон терезелери менен жабдылган, конференц-залы бар. Бул жерлерде "корпоратив” кечелер болуп турат, бир эле кече 800 миңден - 3 млн сомго чейин жетет.
Кант шаарынын ичинде шаарга айланган "МИС-машино-испытательная станция" бар, анын ичинде Акаевден инвестицияга алган ар кандай-операция жасай турган комбайн-тракторлору бар, 7 миң тонналык буудай сактагыч цистерналар, 1000ден ашуун техника-ууналары, 1000дей кара-мал, породалуу 200 уйу, 350 га айдоо жери, 270 га үрөн жери бар. Бул учу гана, эгерде Жапаровду каза турган болсо, көмүскө чарбасына эсеп жетпейт. Эмне үчүн жаңы бийлик Жапаровду кармап кустура албайт? Анткени ал Кыргызстандагы №2 киши, керек болсо өзүұн кустуруп койот, булар чырмалышып калган. Азыркы бийликтин бардык финансы, экономикасын Жапаровдун алкы бузук достору, шакирттери тейлеп, ал бул жакта “көмүскө король”. Ушул эле Жапаровдун атасынын спирт куйган банкасынан башка ырыстуу эч нерсеси жок болчу. Ал эми минкабды жетектер менен Акылбек Жапаров “ДАМАСынын” бүтпөй жаткан жерлерин бүтүрө баштады.
“ДАМАСы” эми бүтүп калар, Украинага келели.Украина-Орусия маселесинде Кыргызстан бейтарап экенин, 24-мартта, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча жыйынында сүйлөп жатып Жапаров Украинадагы окуяларды согуш деп атады. Ошондой эле, ал - Кыргызстан бул согушту токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөөрүн белгиледи. «Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо.
Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм. Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бизге эки мамлекет тең жакын. Биз - боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан бул согуш токтошуна колубуздан келген аракетибизди жасайбыз», - деп ой-да мактанды Жапаров.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg