www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда региондордун финансылык өз алдынчалуулугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Ал кошумчалагандай, социалдык инфраструктураны өркүндөтүү, аймактарды көрктөндүрүү, айыл чарба өндүрүшчүлөрүн үрөн жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керек.
«Фермерлерге болгону сапаттуу үрөн сатып алууга мүмкүндүк берүү, бардык ирригациялык тармактарды жана сугат каналдарды даярдоо керек. Бул мамлекеттин жарандарды колдоо боюнча милдети. Орчундуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун калк менен түздөн-түз талкуулап, ар бир кадамыңыздар элдин көз алдында ачык болушу керек», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.
Ошондой эле, ал иш күндөрү бодо малды жана майда мал-жандыктарды сатууну токтотуу боюнча Айыл чарба министрлигинин демилгесин сынга алды.
«Эмне үчүн элди оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатасыңар? Базарларда шарт түзүүнүн ордуна, сооданы таптакыр жокко чыгаруу туура эмес. Бардык мал базарлардын аймагына асфальт төшөңүздөр. Жаздын келиши менен ал жердеги ылайдан жүрүү мүмкүн эмес болуп калат.
Бирок элдин айласы жок, ушундай антисанитардык шарттарда иштөөгө туура келүүдө. Ошондуктан, аймактардагы бардык мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Келиңиздер, ишибизди чын ыкыласбыз менен аткарып, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берели», - деди Акылбек Жапаров.
Булак: NazarNews.kg