www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыт билүүнүн жоголуусу, тамак оору, үндүн каргылдануусу жана ашказан-ичеги-карын оорулары менен коштолгон баш оору, «көрүнбөгөн омикрондун»белгилери көбүнчө ууланууга окшош. Коронавируска каршы республикалык штабдан билдиргендей, вирус буга чейинки штаммдарга караганда кыйла активдүү, ашказанда көбөйөт.
«Көрүнбөгөн омикронго» кимдер көбүрөөк кабылат? «Дельта» штаммы боюнча тобокел топко киргендер, бардык адамдар. «Көрүнбөгөн омикрон» айрыкча эмделбегендерди жабыркатат, - дейт Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам керектөөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын Эпидемиология БИИБинин директорунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча орун басары Наталья Пшеничная. Жөнөкөй «омикрон» менен ооруп айыккандар анын жаңы вариантын жуктуруудан корголгон эмес.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 24-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталып, акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты. Илдеттен каза болгондор жок.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 847 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 129 киши ковидден айыгып чыкса, 2 миң 982 адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg