www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бар азык-түлүктү үнөмдүү пайдаланып, туура бөлүштүрүү керек», - деди бүгүн, 24-мартта, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, абалдан чыгуу, элди каатчылыктан сактап калуу максатында антикризистик комитет түзүлдү. Ал комитет кандай иштер менен болушу керек?

- Азыр дүйнөнү кымбатчылык каптап жатат. Дүйнөлүк каатчылык учурунда каатчылыкты жеңүү өтө оор. Ошон үчүн бар азык-түлүктү үнөмдүү пайдаланып, туура бөлүштүрүү керек.

Мындай ыкманы өнүккөн өлкөлөр да пайдаланып жатат. Айтайын дегеним, Сингапурдун өкмөтү да эл ачкадан кырылбасын, азык-түлүктү үнөмдүү пайдаланып, туура бөлүштүрүш керек.

Керектүүсүн волонтёрлор убагында жеткирип турушу керек деген маселе көтөрүп жатышат. Чынында мындай иштерге волонтёрлорду пайдалануу бир жагынан коомдук көзөмөл, экинчи жагынан волонтёрлор өз убагында чоң жардам берет.

Муну биздин өкмөт да ушундай ыкманы колдонсо, ашыкча болбойт. Бул ыкма менен калктын жакырчылыкта жашаган аялуу катмарын каатчылыктан сактап калсак болот.

Ошондой эле каатчылыктан жакырчылыкта жашаган бир киши жабыр тартса да, өкмөт үчүн чоң чатак экенин, каатчылыктан элди сактап калуу өкмөттүн негизи иши экенин түшүнүшү керек.

Ошон үчүн азыртан баардык ишти дыкаттык менен жасап, туура бөлүштүрүлүшү керек. Тагыраагы, тамак-аш байларга жетип, жакырчылыкта жашагандарга жетпей калбашы керек. 

- Орусияны туш тараптан кысымга алган санкциялардын кесепети Кыргызстанга да тийеби?

- Албетте тийет. Негизи Орусияга салынган санкциялар Путиндин саясатынан келип чыкты. 8 жыл мурун башталган согуш бүгүн опогейине жетти. Орусияга салынган санкциялар Украинага согуш башталгандан эбегейсиз күчөдү.

Бирок, орустардын экономикасы күчтүү болгону үчүн азырынча туруштук берип жатат. Аларга салынган санкциянын запкысын азыр болбосо да, бара бара көрөт.

Себеби, Европа Америка орустардын нефти газынан баш тарта баштады. Кыскасы, Орусияны алсыздандыруу үчүн жасалган санкциялардын кесепети бизге окшогон Орусия менен тыгыз байланышта болгон мамлекеттер да тартат. Эми ошондой болсо да, абалдан чыгып, элди каатчылыктан куткарыш керек.

- Айрымдар Орусиянын Украинага согуш ачышын батышты коркутуу катары кабыл алып жатат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Мен деле ошондой пикирдемин. Тагыраагы, Орусия Украинага Батышты коркутуп алыш үчүн согуш ашты. Бирок, Украина мынчалык каршылык көрсөтөт деп күткөн эмес.

Себеби, пропаганда бөлүнгөн акчаны жеп алышып, Путинди алдап келишкен. Аскер кирсе эле Украина багынып беришет деп ойлошкон. Бирок, украиндер биримдиктүү болуп, патриоттук сезими күчөп, жерин коргоп Орусиянын соккусуна туруштук берип жатышат.

Батыш болсо, согуш созулган сайын санкцияларын күчөтүп жатат. Менимче, санкциялар мындан ары дагы күчөйт. Ошон үчүн Кыргызстан экономикалык жактан Орусияга байланганбыз дебей ар тараптуу өнүктүрүүнү колго алышы керек. Казакстан, Өзбекстан түшүнүп, орусияны түздөн түз колдогон жок. Биздин жетекчилик да ойлонушу керек.

- Абалдан чыгуунун кандай жолун сунуштайсыз?

- Акаев сатып кеткен кендерди туура жолго салса эле биз Сауд  Арабиясынан  кем жашабаган абалга келебиз. Буюрса, байыйбыз. Анткени, бизде көп жерде кездеше бербеген жер алдындагы  металдар бар. Ошон үчүн Кытай биздин тоонун ар жагынан алып жатышат.

Садыр Жапаров Бөлтүрүккө бергендей кылып, кендерди бериш керек. Тагыраагы, чет мамлекетте жүргөн билимдүү, илимдүү адамдарды чакырышы керек. Ошолор акча таап келет. Алардын иштөөсүнө шарт түзүп, мыйзамдар менен кепилдик беришибиз керек.

Муну айтып жатканымдын себеби да бар. Мисалы, Түркиянын деңизден башка байлыгы деле жок. Орустар  бир учагын атып түшүрсө эле помидорун сата албай калышат деп күлүшөт. Бирок, түрктөр чет мамлекетке барып иштеп, акча таап келишет.

Кыскасы, кандай болсо да  мамлекетине ташышат. Ошон үчүн Түркия өнүгүп, өсүп жатат. Бийлик кыргыздарга да мамлекетине кызмат кыла турган шарттарды түзүп бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости