www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Украинанын асманы жабылса, согуш бүтүп, Кырым Украинага кайтарылат. Бул тууралуу белгилүү ишкер Леонид Невзлин айтканын MIGnews.com жазып чыкты. «Бүт дүйнө Путиндин психопат экенин көрүп турат, ага жеңиш гана керек. Анын армиясы жаман, аскерлери начар, технологиясынын абалы таң калтырат. Ал жеңе албайт. Эгер Украинанын асманы жабылса, согуш бүтүп, Кырым Украинага кайтарылат», - деди Невзлин.

Невзлин Израилдин украиналык качкындарга карата саясатын кескин сынга алды: «Израиль согуш маалында визасыз кирүү боюнча келишими бар өлкөнүн жарандарынын өлкөгө кирүүсүн кантип чектейт?

Мен өзүм украиналык качкындарга каржылык жардам көрсөтүүгө даярмын. Бул жерге бир миллион качкын келип, бир жыл жашайт дейли. Бул Израилге чоң салым болот. Ошондо гана Израиль өзүн гана ойлогон мамлекет деп аталган апартеиди бар мамлекет деген аттан арылып, кадыресе мамлекетке айланат».

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости