www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Министрлерге төрттөн-бештен орун басар кармоонун эч кандай кажети жок», - деди бүгүн, 24-мартта, NazarNews маалымат агенттигине Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев. 

- Жамин-агай, Антикризистик комитет түзүлдү. Эми Кыргызстанды каатчылыктан сактай турган антикризистик иш-чаралар кандай болушу керек?

- Каатчылыктан качуунун негизги жолу – бул ата-мекендик өндүрүшүбүздү өзүбүз колго алып, аны мындан ары өркүндөтүүдө турат.

Алар: айыл чарбасы, энергетика, өнөр жай, транспорт жана кызмат кылуу тармактары, орто жана чакан ишкердүүлүк.

Жаратылыш байлыктарыбызды жакшы пайдаланып, өзгөчө «Кумтөр» ишканасынын ишин үзгүлтүккө учуратпай, анын натыйжалуулугун камсыз кылышыбыз керек. 100 тонна алтыны бар «Жерүй» кени боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу талапка ылайык деп ойлойм.

Анткен себеби, А. Атамбаевдин учурунда аны дүңү менен чет өлкөлүк компанияга сатып жиберишип, Кыргызстандын мамлекеттик үлүшү тап-такыр болбой калган.

Булардан тышкары бизге сарамжалдуулук жана күжүрмөн эмгектин жетишпей тургандыгы ачык асмандай эле көрүнүп турат. Жок эле дегенде 30 миңден ашык мамлекеттик чиновниктердин санын коркпой туруп кескин кыскартуу зарыл.

Мисалы, ар бир министрликте же ведомстводо департаменттер, агенттиктер жана бөлүмдөр бар. Демек, министрлерге төрттөн-бештен орун басар берүүнүн эч кажети жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости