www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-мартта, кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 26-мартка чейин Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 38-112-чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду. Мындан сырткары, Чоң-Ашуу ашуусунда калың жааган кар жолду жаап калган. Аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтотулду.
22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон-Ак-Шыйрак-Сөөк ашуусуна каттаган автоунаа жолунун төрт тилкесинде 10 миң м3 кар көчүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштери жүрүүдө. Түп-Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган. Учурда жол тазаланып жатканы кабарланды. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылган.
Синоптиктер 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, айрым жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертүүдө.
Булак: NazarNews.kg