www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эӊ башкысы - кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жолдорун таап, өзүбүздө өндүрүлгөн товарларды сатуу үчүн жаӊы рынокторду издөө керек», - деди бүгүн, 24-мартта, NazarNews маалымат агенттигине профессор Венера Акматова.

- Венера-эже, Кыргызстанды каатчылыктан сактай турган антикризистик иш-чаралар кандай болушу керек?                                                                                                                                                            

- Кыргызстанда каатчылыктын алдын ала турган антикризистик иш чараларды экиге бөлүү зарыл. Биринчиси, жакынкы – мүмкүн болушунча калк көп керектөөчү товарлардын, азык-түлүктөрдүн баасын кармап туруу.

Продукциянын жетиштүү экендигин ачык айтып, ар кандай имиштерге ишенип, ашыкча сатып алуунун зарылчылыгы жок экендигин элге түшүндүрүү ашыкча болбойт.

Чынында эле азыр дүйнөдө соода-сатык иштери абдан мыкты ыкмаларды өздөштүргөндүктөн, бир өлкөнүн товары рыноктон чыгары менен анын ордун дароо баса турган компаниялар толтура.

Экинчиси, алыскы башкача айтканда, стратегиялык маанидеги антикризистик иш чаралар – Кыргызстан экономикасы жаӊыдан бутуна туруп келе жаткан өлкө болгондуктан ар кандай кризистик кырдаалдарга туруштук бере ала тургандай иш чараларды оор кырдаал жаралган учурда эле эстеп калбай, дайыма, үзгүлтүксүз иш алып барышы керек.

Тамак-аш коопсуздугун биринчи орун коюп, эӊ керектүү, калк көп пайдалана турган азык-түлүк менен камсыздай ала тургандай иштерди жүзөгө ашыруу туура.

Эӊ башкысы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жолдорду издеп таап, Өкмөт колдоо көрсөтүп, шарт түзүшү зарыл. Өзүбүздө өндүрүлгөн товарларды сатуу үчүн жаӊы рынокторду издөө керек.

Башка өлкөлөрдөгү Кыргызстандын ар бир элчиси ушунун үстүндө иш алып барса жакшы болот эле. Байпактан тартып тонго чейин, отургучтан тартып жумшак мебелдерге чейин, таттуулардан тартып суусундуктарга чейин ж.б.

Кыргызстандын өзүнүн бренддерин иштеп чыгууну максат кылсак сонун болмок. Акыркы жылдары не бир сонун таланттар, иштерман адамдар өлкөдөн чыгып кетүүдө.

Алардын интеллектисин, мээнеткечтик жөндөмүн, асыл идеяларын Кыргызстан үчүн кызмат кыла тургандай шарт түзүүгө мезгил жетти!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости