www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын борбордук базарынан сел агызып кетип, сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарындагы сайдан табылган 39 жаштагы келинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 17-июлда Кара-Сууда болду.

Өкүнүчтүүсү, артында жети баласы жетим калды.

Эскерте кетсек, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү өзбекстандык куткаруучулар тарабынан 16-июлда Андижан шаарындагы сайдан табышты.

Издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.

Маалым болгондой, изделип жаткан жаран 14-июль күнү Ош шаарындагы Борбордук базардан сел агызып кеткендиги тууралуу кабарланып, издөөгө алынган.

 

Последние новости