www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы бийик тоолуу көлдөрдө критикалык толуп кетүү коркунучу жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жыл сайын изилдөө-байкоо иштери жүргүзүлөт. Быйыл дагы адаттагыдай жөө жана аэровизуалдык тик учак менен изилдөө иштери мерчемделген.

“Бүгүнкү күндө биздеги бийик тоолуу көлдөрдүн арасында критикалык толуп кетүү коркунучунда турган көлдөр жок. Эгер тез арада толуп кете турган болсо, биз маалыматты коомчулукка дагы таратабыз. Ал жерде температуранын көтөрүлүшү менен мөңгүлөр ээрип, көлдөрдүн толуп кетүү коркунучу пайда болушу мүмкүн, бирок ага биз Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча байкоо жүргүзүп келебиз”, - деди ал.

Даурбек Сакыев белгилегендей, өлкө аймагында 2 миңден ашык бийик тоолуу көлдөр бар. Анын ичинен 368и жырылып кетүү коркунучунда. Ал эми Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Ала-Арча коктусунун жогору жагында ондон ашык бийик тоолуу көлдөр жайгашкан.

"Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун адистери айтып жаткан көлдөрдөгү суу толуп кетүү коркунучу тууралуу маалыматка токтоло кетсек, ал көлдөр биздин көзөмөлдө турат. Атап айтсак, Бишкектин жогору жагындагы Тес-Төр жана Ак-Сай көлдөрүнө космосүрөттөрдүн жардамы менен дистанциондук байкоо иштерин жүргүзүп жатабыз", - деди Даурбек Сакыев.

Ал кошумчалагандай, былтыр Ак-Сай көлүнө ӨКМ адистери барып, батиметрикалык съемка аркылуу суунун көлөмүн өлчөй турган изилдөө иштерин жүргүзгөн. Андан сырткары, ал жакта Адыгене сыяктуу беш көл бар. Ал жерлерде Улуттук илимдер академиясынын Суу проблематика жана энергетика институтунун өздөрүнүн станциялары бар. Алар дагы изилдөө иштерин алып барышат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости