www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды аткандарга салына турган айыппул көбөйтүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Министрлик белгилегендей, жарандар Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар тууралуу кабар берип, мыйзамсыз аңчылар кармалса, андан өңдүрүлгөн айыппулдун жарымын (50%) маалымат берген адам алат.

Айыппулдун өлчөмү: 

— ак илбирс – 2 млн сом (буга чейин 1,5 млн сом болгон);

— аркар, күрөң аюу, марал (бугу), жейрен – 1,5 млн сом (буга чейин 1 млн сом болгон);

— Тоо теке – 300 миң сом (буга чейин 100 миң сом болгон), элик – 100 миң сом (буга чейин 50 миң сом болгон).

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости