www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин журналист Семетей Талас уулу facebook баракчасына экс-башкыпрокурор Аида Салянованы СИЗО-1ге камап, камакка алынган башка чиновниктерди УКМКнын камоо жайына камагандыгын ашкерелеген бидирүүсүн жазып чыкты.

Анын айтымында, аял кишиге мындай мамиле кылуу - жеткен акмакчылык.

«Эркектерди УКМКга жаап, аял кишини кылмыш дүйнөсүнүн резиденциясы болгон СИЗО-1ге камоо - жеткен акмакчылык!», - деп жазды Семетей Талас уулу.

Эске салсак, буга чейин ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов бир нече депутаттар менен №1 тергөө абагына барып, Саляновадан кабар алганын, ал жерде Салянованын инисин өлтүргөн кылмыштуу топтун башчысы кармалып турганын айткан.

«Негизи эле укуктук мамлекеттерде Башкы прокурор болуп иштеген адамды жалпы кылмышкерлер менен бирге отургузбай, өзүнчө бөлүп отургузат. Салянованы УКМКнын камоо жайына алып баруу керек эле”, - деп билдирген Шыкмаматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости