www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-июнда, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визити болуп өттү.

Кыргыз  Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди чакан жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюшту, жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Нарендра Моди расмий визит кыргыз-индия кызматташуусунун бардык багыттарына дем берип, аларды жаңы жогору деңгээлге алып чыгаарына ишеним билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости