www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-мекендик инвесторлор келсин дейбиз, келсе чуулдайбыз. Кен-байлыктар боюнча чуулуу кабар чыкса эле, айрыкча алтын кендердин кытайларга жең ичинен, ит бекерге сатылып кеткенин угуп, канча сапар, “мамлекет же ата-мекендик инвестор ушул кенди иштетсе, сырткы инвесторго кетчү киреше ички рынокто калып, канчалаган жумуш орду түзүлмөк” деп саныбызды аткып кейип келебиз. Алардын сап башындагылардын бири – менмин.

2 күндөн бери Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенинин сатылышы боюнча маалыматтар чыгып, айрымдар түшүнүп-түшүнбөй бир тараптуу согуп жатышат. Андыктан, анын айланасындагы ажиотажга бир сыйра көз чаптырып, анализ кылып анан айтпайлыбы?

Ушул жылдын 5-сентябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылында Турук таш көмүр кенин иштетүү боюнча аукцион болуп өтүп, ага “Ырыс Кен”, “Дигитл Трейд”, “Майнинг ресурс”, “Нукер Бишкек” компаниялары (ЖЧК) катышты. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети аукциондун баштапкы баасы катары 3262 доллар сунуштап, жыйынтыгында, аны 205 миң доллар же 14 миллион 288 миң сом сунуштаган “Ырыс Кен” компаниясы утуп алды. Бул сунушталган сумма мамлекет аукциондо койгон баадан 64 (!) эсеге көп сунушталган баа. Аукцион биринчи жолу ачык өттү.

Ошондой эле, биринчи жолу мамлекет менен жеке менчик компания бирге иштемей болуп жатышат. Себеби, мамлекеттин “Ырыс Кен” компаниясында 10%дык үлүшү бар. Демек, таза кирешинин 10 пайызы мамлекеттин казынасына түшүп турат. Бул компания төлөй турган кошумча нарк салыгы, жыл аягында төлөнүүчү таза кирешеден түшкөн салык, бонус, роялити, жергиликтүү Ак-Чий айыл өкмөтүнө 1 миллион сомдук соцпакеттен сырткары.

Эми, айрымдар кенди түзүлгөнүнө 1 ай болгон “Ырыс Кен” компаниясы утуп алды деп койсо эле, калгандар түшүнүп-түшүнбөй сокмойго өтүштү. “Ырыс кен” компаниясынын жетекчиси Жыргалбек Сыдыков, ал эми кожоюну Нурмухамед Миңбаев. Мен сыйлаган, урматтаган байкем. Эмнеге 1 ай мурда түзүлүп калды? Анын себептери бар. Турук кенинде бир нече фирмалар иштеп келгени маалым. Алардын бири, мисалы, 5 жыл ичинде мамлекетке болгону 1 миллион сомдун тегерегинде гана салык төккөн. Ак-Чий айылына эптемей соцпакет берип келген. Жергиликтүү эл жана айылдык депутаттар бул маселеге абдан нараазы болуп келишчү. Быйыл жайында Ак-Чий айыл өкмөтүнүн депутаттары Нурмухамед Миңбаевге келишип; “Нуке, мүмкүнчүлүгүң болсо Турук кенин иштетпейсиңби? Сен иштетсең, таза иштетет элең. Аукционго катыш. Утуп калсаң айылдын социалдык пакетин 1 миллион сом кылып бер” деген сунуш айтышкан. Алардын сунушуна Нурмухамед Миңбаев макулдугун берип, жыйынтыгында аукционго катышып, аны утуп алды. Мамлекетке 14 миллион сомдон ашык акчаны төлөп берди. Эми бул каражаттын 7 пайызы жергиликтүү бюджетке которулат. Ошонун эсебинен райондук бюджет быйыл салыкты толук төгүп отурат.

Эң башкысы, Нурмухамед Миңбаев ал жерге видеокөзөмөл коюп, таза иштеген, уурдабай турган балдарды дайындап, канча көмүр казсам, ошол казылган көмүрдөн мамлекетке тиешелүү эмне салык болсо баарын жашырбай, кымтыбай, уурдабай төгүп берем деп отурат. Башта айткандай, мамлекеттин компаниядагы үлүшү 10 пайыз. Демек, таза кирешенин 10 пайызы салыктардан тышкары да мамлекеттин казынасына түшөт. Бул эмне жаманбы? Кайсы жеке менчик көмүр кенде мамлекеттин үлүшү бар? Кудай буюрса, эмдиги жылы канча салык төгүлгөнүн расмий түрдө билдирип турабыз. Район боюнча райондук ооруканага, калктын аярлуу катмарына, атасыз балдарга, майыптарга болуп отуруп 300 кишиге бекер көмүр таратылат.

Дагы бир маанилүү жагдай, Нурмухамед Миңбаев агабыз мурда-кийин мамлекеттин мүлкүнө кол салган коррупционер эмес. Ал киши, Кыргызстанга 50 айылдын ар бир үйүнө, андан башка 4 миңдей жерге колонка менен суу чыгарып, көптөгөн ФАП, мечит-медресе, көпүрө, бардык шарты менен оорукана, бири Нарын шаарында, бири Токбай айылында салынган заманбап 2 мектепти, элди жумуш менен камсыз кылуучу ар кандай цехтерди, 500гө чукул 5 балалуу жесир энелерге бекер үй салып берген, 2015-жылы 270 миллион сомго жап-жаңы гемодиализ аппараттарын белек кылган, дегеле өлкөгө кайрымдуулук арты менен миллиарддаган сомдук жардамын берип келе жаткан белгилүү “Ас Салам” кыргыз-кувейт эл аралык фондунун жетекчиси.

 Бирок фонддон сырткары ишкерлик менен алектенет. Нурмухамед Миңбаевдин роман породасындагы ири кой чарбачылыгы жана асыл тукум багытында уй чарбасы бар. Дыйканчылык кылат. Жүзүм, мисте, кокон гилас өстүрүп сатып келет. Инилери менен чогуу балчылык жана тез мөөнөттө курула турчу канадалык СИП панель курулуш фирмасын ийгиликтүү иштетет. Азыркы тапта балды тазалоочу жана кайра иштетүүчү цех курду. Маселен, биз балда аарынын буттары, канаттары, баштары кездешип калса унчукпай алып коюп, жей беребиз. Сырткы өлкөлөрдө ал балды жебей коет. Азыркы тапта балды кайра иштетүүчү цехте биринчи кезекте балды ушундай ыпыр-сыпырлардан фильтрлеп тазалайт. Балды ийкемдүү жана жумшак абалга келтирет. Мындай балды экспортко жөнөткөндөн коркпойбуз. Цех 1 күндө 3 тонна балды тазалап, иштетип берүү кубаттуулукка эгедер. Учурда Кыргызстанда башка мамлекеттердей балды толук кандуу анализ кылуучу лаборатория жок. Айталы, бизде балдын курамында антибиотиктерди аныктай алчу, дагы башка балга болгон экспорттук текшерүү эрежесине ылайык иштей турган лаборатория жок. Бул биздин балчылар үчүн абдан чоң көйгөй. Лаборатория жок болгон үчүн Россиядан, Кытайдан балдарыбыз текшерүүдөн өтпөй калып кайта кайтып келип жатат. Эми Кудай буюрса, алдыда балдын курамын текшерүүчү заманбап лаборатория салам деген жакшы долбоору бар.

Кыскасы, туугандар Нурмухамед Миңбаев агабыздын жайы ушундай. Мен таза деп урматтаган агалардын бири. Андыктан, жылдын жыйынтыгын күтүп, Турук боюнча жөн чуулдай бербейли. Кудай буюрса, уят болбой татыктуу эле иштейт! Башкысы уурдабайт жана уурдатпайт!

Автор: Семетей Талас уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости