www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн соң Кадыржан Батыров  баштаган өзбек сепаратисттеринин ирбити келип, асмандагы айды карап сүйлөшүп Ош облусун автономиялуу облус кылабыз дешип, Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусуна чейин барышып, мыйзамдарын үйрөнүшүп, өзбек тилине мамлекеттик  статусун берүүгө далалат кылышып, 11-июнда Кадыржан Батыров башында турган өзбек сепаратисттери кайсы бир күчтөргө таянып алып, кыргыз-өзбек жаңжалын пайда кылышкан. Кадыржан Батыровдун шериктештери Иномжан Абдирасулов, Жалолиддин Салохиддинов деген өзбек сепаратисттери “Кылгылыкты кылышып, кыл жип менен буушуп” Кыргызстандан чет мамлекетке качып кетишкен.

Азыркы айыл чарба министри Чодуев министрликтин босогосун аттанганга чейин эле алдамчылык менен миллиондорду «сугунуп», тактап айтканда, Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» фирмасынын бир миллион долларын А.Салохуддинов менен биргелешип жеп кеткен. Аталган «Лиматекс» пахта тазалоочу завод мурунку депутат Жалолиддин Салохиддинов деген өзбек сепаратисттинин менчиги болгон.  Чодуев бардык күчүн жумшап  «Лиматекс» фирмасын улутташтыруудан калкалап калыптыр, бул тууралуу билдирүүдө далилге таянып айтылган. Абылгазиев дайындаган министр Чодуевдин өзбек сепаратисттери менен мындан башка кандай байланышы бар?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости