www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кимдер айтат, адам жаны таштан деп,

Кимдер айтат, кулабайт эч асман деп.

Асман кулап, акыретке аттанды,

Мекен деген атакебиз Шабданбек.

 

Ичте кайгы, жан дүйнөдө будуң-чаң,

Муңдуу атты, кайгыда атты үрүл таң.

Күз айынын акыркы ушул айындай,

Узап кетти улут деген бир инсан!

 

Дүйнөсүнө эчен сырлар катылган,

Тулку бою бүткөн өңдүү акылдан.

Ноябрды коштоп алып түбөлүк,

Узап кетти элим деген асыл жан.

 

Тарых жазат, жашап өтсө ким эл деп,

Эл-журтунун каада-наркын түгөлдөп,

Жашадыңыз жетигендей жаркырап,

Жасадыңыз Ала-Тоого миң эмгек.

 

Билбегенге катардагы бир жансыз,

Билгендерге түшүм толгон кырмансыз.

Кылымдарды жаркыратып ак эмгек,

Кыргыз элге зор кызматты кылгансыз.

 

Өрнөк өмүр келе бербейт ар кимге,

Жан элеңиз жакшыларга жан бирге.

Жүрөктөрдө, аң-сезимде, акылда,

Гимн болуп жаңырасыз ар күндө!

 

Бердибек Жамгырчиев, акын

Булак: NazarNews.kg

Последние новости