www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМнин облустук жана шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери аймактарда жайгашкан баардык добуш берүү тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.
"Түшүндүрүү иш чараларынын жүрүшүндө шайлоо тилкелеринин мүчөлөрүнө өрттү алдын алуу, болтурбоо максатында нускамалар өткөрүлүп жатат. 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо өнөктүгүнө карата даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө өрт кырсыктарын алдын алуу максатында улантылат.
Ошону менен катар шайлоо участкаларынын өрт коопсуздук эрежелерине шайкеш келүүсү каралып, комиссия мүчөлөрүнө жана участка жайгашкан объектилердин персоналдарына шайлоо мезгилиндеги өрт коопсуздук чаралары жана баштапкы өрткө каршы шаймандарды колдонуу боюнча нускамалар өткөртүлдү. Өрт өчүрүү боюнча ыкчам документтери оңдолуп-түзөтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg