www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыраматылык Дооронбек Садырбаев айткан экен : "АЙЛАНАЙЫН МУРДУҢА БОК СҮЙКӨЛГӨН КЫРГЫЗДАР, БЕЛИҢДИ БЕКЕМ БУУП ЧЫДА, ӨЗҮҢДҮН ЗӨӨКҮР УУЛДАРЫҢА, ЗӨӨКҮР КЫЗДАРЫҢА!". Учурда президентке талапкер Садыр Жапаров парламентте «чимкирик» депутаттардын санын азайтканы үчүн көптөгөн азуулуу душман тапты.

««Ишенген төөм сен болсоң, о кепшеген оозуңду урайын» -деген экен илгери көлүк төөсүнөн көңүлү калган бир казак тууган... Илгери менин филармонияда музыкант болуп иштеген таанышым бар эле. Айыбы арак менен ынактыгы бар эле, анан эч кимди ылгабай этектин артынан ээрчип кетчү. Ошентип жүрүп, анын бир башка жаш келин менен жашап жүргөнүн зайыбы билип калат. Андан көңүлү калган  аялы, күйөөсүнүн кийим-кечесин бир чемоданга салып колуна карматып: «Бар, мындан ары ошону менен жаша. Иши кылып кайра келбесең болду, балдарыңды өзүм багып алам»-деп сыртка чыгарып койот. Ал кудуңдаган бойдон кетет, аялы күйөөсүз, балдары атасыз жашоого көнүп калгандан кийин 2-3 ай өткөн соң коңгуроо шыңгырайт. Аялы эшикти ачса колуна чемоданын кармап теңселген күйөөсү турат.

-Ай сага эмне болду?

-Кайра келдим.

-Эмнеге кайра келдиң?

-Энеңди урайын, ал сенден да жаман катын экен. Анан сага келбегенде каякка барам...-дейт имиш күйөөсү.

Анын сыңарындай «Демократия деген энеңди урайының сенден да жаман турбайбы» -деп, баарыбыз кайрадан социализмди көздөй жөнөбөсөк болгону». –дептир Дооронбек Садырбаев.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости