www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жаңы түрү олуттуу ооруга же өлүмгө алып келиши мүмкүн деген бир дагы далил жок. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан видео брифинг учурунда билдирди.

"Улуу Британия бул жаңы вариантты өткөрүү оңой деп эсептеген менен  анын олуттуу ооруга же өлүмгө алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө азырынча эч кандай далил жок", - деди ДССУнун башчысы.

Адхан бардык SARS-CoV-2 вирустарын тезирээк токтотуу керек деп баса белгиледи. "Биз анын жайылышына канчалык көп мүмкүнчүлүк берсек, ошончолук абалды өзгөртүү кыйын болот", - деп эскертти ал. 

Өз кезегинде, уюмдун эксперти Мария ван Керхове, ДССУнун маалыматы боюнча, Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү COVID-19 вакцинасынын натыйжалуулугуна таасирин тийгизбейт деп билдирди.

Эске салсак, Пандемия 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Хубей провинциясындагы Ухань шаарында келип чыккан белгисиз пневмония илдетинин биринчи ачылышы менен башталды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости