www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште бүгүн «Экономикалык мунапыс берүү боюнча» мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Улукбек Ормонов азыркы бийлик «кустурабыз, төлөтөтбүз» дегенди модага айлантканын айтты.

Ал ишкер мүлкүн кандай жол менен тапканына маани бербей эле, кайра-кайра текшерүүлөр болуп жатканын баса белгиледи.

«Азыр коомдо талап башка, бийликтин болсо сөзү башка болууда. Булар «кустурабыз, төлөтөбүз» дегенди аябай мода кылып алышты. Ишкер байлыгын өзүнүн адал эмгеги менен таптыбы деп эч ким карабай калды. Мыйзамды сактаган киши жок, биз мүлкүн чукуганды, жарыя кылганды жакшы көргөндөрдөн болуп калдык», — деди депутат.

Буга кошо ал бийлик алмашкан сайын түрдүү мыйзамдар кабыл алынып, бирок ишкерлерге кепилдик берилбей жатканын белгиледи. Буга чейинки мыйзамдарга ылайык, мүлкүн адалдоо боюнча 83 ишкер тиешелүү сумманы төлөгөнүн, демек аларга кепилдик берүү керектигин кошумчалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости