www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент кудайга теңеген Нуржан Шайлдабекова таза шайлоо өттү дейт. Кантип айтат коомду бушайман кылып, элди бөлүп-жаруу шайлоо учурунда шар аккан суудай жыбырап кетти. Булардын сап башында Акбөкөн Таштанбеков турат. Ал үкөлөрү Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев деген арканын аркар тиш азуулууларынан да ашып кетти. Бабанов президентке талапкер кезинде Оштогу Он-Адыр кичирайонунда сөз сүйлөп элди бийликке каршы турууга, коопсуздук кызматкерлерине баш ийбөөгө чакырып, улут аралык жаңжаалдардын чыгышына шарт түзгөн. Бул инцидент боюнча кылмыш ишине тартылып, бирок көп узабай анын бары унутулган. Сариев Сокулуктан түштүктүн кулундарын кубалап: «Сасыбай Ошуңарга кеткиле» -деп атчан адамдары менен басмырлаган.

Чүй облусунда Ысык-Ата районунан бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайланган Акбөкөн Таштанбеков учурда элди бөлүп-жарып, башка жактан келгендерди басмырлаганы үчүн УКМКнын СИЗОсунда камалып турат. Жалпы Чүйгө келип жашап жаткандарды уят сөз менен сөгүп, акаарат келтиргени үчүн жоопко тартыла тургандай. Бул адам Чүй облусунан шайланып депутат болбой эле койгону оң дешет шайлоочулар, анын  трайбалисттиги чекеге чыккан чыйкан болду. Тез арада жалпы Чүйгө келип жашап жаткандардан кечирим сурап, жоопко тартылышын шайлоочулар айтып жатышат. Акбөкөн Таштанбеков депутаттыкка татыктуу эмес дешет.

Улут аралык жана аймак аралык жаңжаалдардын чыгып кетишине шарт түзгөн Акбөкөн Таштанбеков 2021-жылдын 6-декабрында УКМКнын укуругуна илинди. Анын үстүнө кылмыш иши козголуп караңгы торго түшкөн. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутатына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун камалышы тууралуу чечимди бекемдеген. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Акбөкөн Таштанбеков 2002-жылы Жогорку кеңештин депутаты болуп туруп сыртка чыгып кетпей Өмүрбек Текебаев менен бирге кворум түзүп, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине шарт түзүп берген. БШКнын мүчөсү Айдана Жупуева калыстык кылбай «Биринчи радио» эфиринде Акбөкөн Таштанбеков тарапка тартып сүйлөгөн. Анын оюу боюнча: «УКМК кантип териштирет эле? Эгерде аны сотко берсе, анын  макамы бар эмеспи. Ал талапкер деген макамынан ажырай элек» -дептир. Ким талапкер болсо макамым бар деп аймакты аймакка көөлөп, элди козутуш керекпи? Ушундай трайбалист депутат болсо кимди жыргатат?

Акбөкөн Таштанбеков 2002-жылы Жогорку кеңештин депутаты болуп туруп Текебаев менен бирге  «Акаевдик жандармерияга» мыйзам боюнча кворум түзүп берип, Үзөңгү –Кууштун Кытайга кетишине чоң салым кошуп берген. 2002 жылы жерди берүү парламентке добушка коюлган. Оппозиция кворум бузууга аракет кылышкан. Конституцияга ылайык парламенттеги 60 депутаттан 40 депутат жыйындар залында болбосо, кворум жок деп саналып, маселе добушка коюу мүмкүн эмес эле.

Бул күнү 57 депутат бар болгон. 18 депутат чыгып кетсе кворум бузулмак. Добушка коюлмак эмес. Микрофондор өчүрүлүп, сөз бербей койгондо, оппозиция калган депутаттарды чыгып кетүүгө үндөп чыгышкан. Тилекке каршы 16 гана депутат чыгып кетишкен.

Жыйындар залында 41 депутат калып кворум камсыз болуп калган. Эгер Акбөкөн Таштанбеков да чыгып кеткенде кворум жок Үзөңгү-Кууш өтмөк эмес. Бул парламантте ал каршы добуш берсе да кворум болгон. 36 макул добуш берип, 2 каршы, 2 калыс, 1 добуш бербей койгон. Депутат Акбөкөн Таштанбеков тайманбай чыгып кетсе, жерибиз Кытайга кетмек эмес!

Оппозиция Конститутциялык сотко арыз жазып парламенттин чечимин жокко чыгарууга аракет кылышкан. Митингдерди уюштурушуп, президентке импичмент маселесин көтөрүшкөн. Массалык маалымат каражаттары толук бийликтин көзөмөлүндө болгондуктан, оппозиция эл менен жолугушууларды уюштуруп, Үзөңгү - Кууш маселесин элге жеткирүүгө аракет кылышкан. Көпчүлүк жерде оппозицияны эл кабыл албай, бузукулар деп кууган учурлар болгон. Саясий элита Акаевдин жактоочуларына жана импичмент (президентти кызматтан четтетип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу) маселесин жактоочуларга бөлүнүп калган. Бекназаровго иш козголуп, камакка алынган. Митингдер басылбай Аксы окуясы болгон. Митингге чыккан 6 адам атып өлтүрүлүп, 70 тен ашыгы жаракат алышкан. Ошентип 90 миң гектар жер Кытайга кеткен.

Макул деп добуш бергендер : Турдакун Усубалиев, Акылбек Жапаров (2021-жылдын октябрынан министрлер кабинетин жетектейт), Темир Сариев (2015-2016 - жылдары премьер-министр), Тайырбек Сарпашев, Аскар Шадиев (Атамбаевдин сүйүктүү вице-премьерлери), Алымбай Султанов (Атамбаевдин кудасы, Равшан Жээнбековдун кайынатасы, наркобарон), Зайнидин  Курманов (экс-спикер, чоң атасы Курман болуш Үркүндө баатырлык кылган Канат ханды орустарга кармап берген), А.Т. Керимкулов (Мыктыбек Абдылдаевдин бир тууганы), Т.А. Абдрасулова, К. А. Алымкулов, Т.Б. Балтабаев, К.К. Байболов, Т.Ж. Боромбаева, Б.Х. Гогаев, К.Н. Жолдошев, Б.Ж. Жураев, Б.А. Иманкулов, А.В. Карпасов, К.Ж. Карабеков, Ж.К. Каниметов, Л.Н. Комиссарова, М.М. Кучуков, З.К. Курманов, Х.З. Коркмазов, А.Ю. Лобода, А.У. Мамбеталиева, И.К. Молдоташев, К.Э. Осмонов, М.У. Субанов, А. Раимкулов, И.Н.Токоев, В.Г. Толоконцев, Б.Ж. Кудайбергенов, Т.У. Чекиев, С. Чырмашев, З.Э. Шарапов, А.Э. Эркинбаев.

Каршы, калыстар (кворум түзүп беришкен): Текебаев – каршы, Акбөкөн Таштанбеков – каршы, Б. Алымбеков – калыс, Марат Султанов – калыс, О. Малеваная - добуш берген эмес

Кворум бузуу үчүн чыгып кеткендер: А. Абдымомунов, Б. Акунов, Б. Асанов, Н. Байло, Т. Бакир уулу, Б. Бекбоев, А. Бекназаров, Э. Булекбаев, Э. Дуйшеев, И. Исаков, И. Кадырбеков, А. Мадумаров, А. Масалиев, А. Проненко, Д. Садырбаев, Д. Чотонов.

Эл өкүлдөр палатасы да "кыргыз-кытай чек ара келишимин" колдоп берген. Бул жерден Үзөңгү-Куушту берүүгө каршы чыккан Болот Шерниязов жана анын командасы болгон. Аны көндүрүү үчүн Акаев катуу аракет кылган, ал эмес досу «доссекретарь» ортого түшүп Болот Шерниязовду аны уккан адамдары менен Үзөңгү-Куушту Кытайга берүү үчүн  макулдатууга аракет кылгын. Бирок чыккан Болот Шерниязов көнгөн эмес. Эмнегедир бул маселени колдоп бергендердин аты-жөнү бүгүнкү күнгө чейин жабык маалымат. Ал ачылса дагы көптөгөн саясатчылардын анык жүзү ачылмак!

1999- жылы Үзөңгү-Кууш боюнча келишимге Акаев кол койгон. Цзян Цзэминге махабатын арнаган президент Аскар Акаев бийлик жүргүзүп жатканда 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен. Акаев сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 877,12 кв/км жер, 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен. Соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Дүйнөдө б5 мамлекеттин ичинде бул жерлер 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аятынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле, чындыгы Люксембург биз берген аянттан чоңдук кылат экен, анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км болсо калганын эл эсептеп алар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости