www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы жергиликтүү шайлоого карата катталган дарегин жапырт алмаштырган адамдар документин кайра тууралай албай убара тартып жатышканы боюнча маселе 4-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. 

Депутат Самат Исманов өкмөттү аларга жардам берип, алмаштырган каттоосунан чыгууга жана кайра катталууга жеңилдик берүүгө чакырды:

“Миңдеген адамдар убактылуу деп катталышкан. Эми ошол жарандар каттоодон чыга албай, жыл сайын алуучу пенсия, жөлөкпул, жада калса үлүш жерлеринен айрылып калуу коркунучу болуп жатат. Тааныбаган адамдарды үйүнө каттоого тургузуп алгандар аларды чыгара албай жатышат. Коммуналдык тейлөө акысы көбөйүп, чоң проблема жаралууда. Каттоодон өз алдынча чыгайын десе көбүндө техникалык паспорт жок. Буга айрым партиялар күнөөлүү, бирок алар жоопкерчиликти моюнуна алган жок”.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышары кабарланган. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.

Февраль айында Ош, Токмок жана Каракол шаарларына жакын аймактарда адамдардын жапырт каттоого турушу байкалган. Муну шайлоого катышууну пландаган айрым саясий партиялар добуш сатып алуу үчүн уюштурганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости