www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-майда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев, Айбек Алтынбеков жана Камила Талиева болду.
Демилгечи депутат Камила Талиеванын айтымында, мыйзам долбоору шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, аны учурдагы юридикалык терминологияга жана укук колдонуу практикасына шайкеш келтирүү, ошондой эле буга чейинки шайлоо өнөктүктөрүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан.
Документте үгүт иштерине байланышкан бир катар өзгөртүүлөр сунушталган. Атап айтканда, мурдагы парламенттик шайлоодо талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берилгенин белгилеген Камила Талиева бул жагдай айрым мыйзам бузууларга шарт түзгөнүн айтты. Ошондуктан бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган агитаторго гана уруксат берүү сунушталууда.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда шайлоо күрөөсүнө жана шайлоо дарегине байланышкан өзгөртүүлөр да каралган.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдон өткөн парламенттик шайлоодо канча талапкер миң агитатор жалдаганына кызыкты. Өз кезегинде Тынчтык Шайназаров мындай мүмкүнчүлүктү эки гана талапкер пайдаланганын билдирди.
Айрым депутаттар сунушталган чектөөлөр боюнча өз пикирлерин билдиришти. Депутат Кубанычбек Самаков айрым айылдар шайлоо тилкелеринен алыс жайгашканын айтып, үч агитатор жетишсиз болуп каларын белгиледи. Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев ар бир участокко эмес, жалпы агитаторлордун санына чектөө коюуну сунуштап, алардын саны 500дөн ашпашы керектигин айтты. Ошондой эле агитаторлорго төлөнүүчү каражаттын көлөмүн да жөнгө салуу зарылдыгын кошумчалады.
Депутат Айгуль Ахмедова үгүт жүргүзүү мөөнөтүн узартуу маселесин көтөрүп, өткөн шайлоодо 20 күн жетишсиз болгонун билдирди.
Ал эми депутат Улан Сариев парламентке болгон элдин ишенимин жогорулатуу аркылуу гана добуш сатып алуу көрүнүштөрүн азайтууга болорун белгиледи.
Демилгечилер айтылган бардык сунуштар экинчи окууга чейин караларын билдиришип, мыйзам долбоору дагы толукталып, иштелип чыгарын маалымдашты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Ошондой эле жыйында «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору да биринчи окууда колдоо тапты.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков экени белгилүү болду.
Депутат Гүлнара Акимбаеванын айтымында, мыйзам долбоору менен округдук шайлоо комиссияларынын ишин жөнгө салуучу ченемдер киргизилип жатат. Анын белгилешинче, өзгөртүүлөр укуктук боштуктарды жоюуга, комиссиялардын макамын бекемдөөгө жана шайлоо процесстерин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.