www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча министрлер кабинетинин маалымат беришин талап кылды.

Эл өкүлү Шайлообек Атазов шайлоочулар Кумтөрдүн алтынын сатууда канча киреше түшүп жатканын билүүгө кызыгып жатканын белгиледи.

"Кумтөр Кыргызстанга өтсө бакубат жашайбыз, сырткы карыздардан кутулабыз дегенбиз. Бүгүнкү күндө кандай иштеп жатат, Теңиз Бөлтүрүк эмне үчүн жумуштан алынды? Эсеп палатасы кандай текшерүү жүргүзгөнү боюнча маалымат алышыбыз керек. Президенттин, элдин үмүтү акталып жатабы? Бөлтүрүк менен кошо Улуттук банктын төрагасы дагы келип айтып берсин", — деди Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости