www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-августта, Жогорку Кеңештин депутаттары жыйындын башында жан кейиткен окуя тууралуу айтып, күнөөлүү тараптарды аёосуз жазалоону талап кылды.

Эл өкүлдөрүнүнү арасында педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керектигин айткандар да болду.

Депутат Медер Алиевдин айтымында, өлүм жазасын киргизген башка өнүккөн мамлекеттерде бейкүнөө адамдар атылып кеткен учурлар көп кездешкен.

«Биз баарыбыз сот кандай иштээрин, тергөө кандай жүрөөрүн жакшы билебиз. Өлүм жазасы киргизилген учурда баягы эле бей-бечаранын балдары өлүп, соттолуп, атылып кетет. Колунда бар адамдардын балдары эч качан өлүм жазасына тартылбайт. Бул ачуу чындык. БУУнун изилдөөсүнө ылайык, өлүм жазасы бар жана жок өлкөлөрдө кылмыштуулуктун саны бирдей болуп чыккан. Өлүм жазасынын айынан күнөөсүз адамдар өлүп кетиши мүмкүн, бул тажрыйбада болгон. Тергөөнүн туура эмес жүрүшүнөн бейкүнөө адамдар өлүп кеткен бир учурлар буга чейин катталган. Өлүм жазасы коомчулукека уккулуктуу деп, эртеңки күнү башка күнөөсүз адамдардын атылып кетишине биз себепкер болбошубуз керек», - Алиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости