www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-августта, президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутат Марлен Маматалиевге кайрылды.

"Марлен Абдрахманович, жана сиз мага карап, "бизди "тупой" дебеңиз" деп айтып кеттиңиз. Биз сизди эч качан "тупой" деп эсептебейбиз. Тескерисинче, биз сизди сыйлап, келечектүү, мыйзам долбоорлорун эң көп демилгелеген алдыңкы депутаттардын бири деп эсептейбиз", — деди Абытов.

Эске салсак, буга чейин депутат Маматалиев Жогорку Кеңештин регламентинин долбоорун президенттик администрация 75-пунктуну Конституцияга каршы келет деп белгилеп четке какканына нааразы болгон. Андан соң эл өкүлү чынында андай эместигин айтып, негизсиз чечим чыгарылганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости