www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Максим Галкиндин шүмүрөйтүп ээрчитип алып Алла Пугачева Орусияга кайтып келди. Примадонна Орусиядан Украинада орусиялык атайын операция башталгандан көп өтпөй үй-бүлөсү менен чыгып кеткен. Пугачева "эс алуу жана дарылануу эмиграция болуп эсептелбейт" деп билдирген. Кийинчерээк ал окуу жылынын башталышы менен Израилден кайтууну пландап жатканын маалымдаган. Атайын операция тууралуу ырчы өзү комментарий берген жок. Анын күйөөсү Орусиянын апрель айындагы аракеттерин айыптаган болчу.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчысы Алла Пугачевага нормалдуу мамиледе экенин билдирген жана президент Путин ырчы менен тааныш экенин эске салган.Галкин менен Пугачева Орусиядан 2022-жылдын кышында чыгып кетишкен.Алла Пугачеванын Орусиядан чыгып кетишинин башкы себеби Украинага болгон Орусиянын операциясын жубайы Максим Галкин  сындап чыккан. Шоунун жылдыздарына саясаттын эмне кереги бар деген кеп чыгат. Бирок учурда ар ким өз көз карашын билдирет. Учурда көпчүлүк тамашакөй Максим Галкин менен анын жубайы, бир нече айдан бери Израилде жашап жаткан ырчы Алла Пугачеванын Орусиядан көчүп кетүүсүн талкуулап жүрүштү.

Белгилүү ырчы сентябрь айына чейин Москвага кайтып келүү ниетин буга чейин билдирген, бирок күйөөсү атайын аскерий операцияга катуу сынга кабылгандыктан, алар ага кылмыш ишин козгошу да мүмкүн. Бир күн мурун ырчы Филипп Киркоров жубайларды жана анын мурунку жубайын колдоп, аларды “биздин коомдон үзүндүлөрдү” үзүүнү токтотууга үндөдү.

Ал эми сүрөтчүнүн атасы Бедрос Киркоров суроого жооп берди. Ал ырчынын бул кадамын "өз иши" деп атады. "Биз башка өлкөгө барып, ал жактан дарыланууга укугубуз бар. Бирок бул менин мекениме чыккынчылык кылдым дегенди билдирбейт. Мен анын оозунан туура эмес айтканын уккан жокмун. Бул анын иши. Биздин өлкө демократиялык өлкө. Кааласаң – кет, каалабасаң – кетпе, баары жакшы. Ал өзү чечти", - деди ырчынын атасы. Бедрос Киркоров белгилегендей, ырчы Орусияда көрүүчүлөрүн жоготуп жатат. Бирок, анын айтымында, ал жакка дарыланууга барган. Ооруга байланыштуу ачкысы келбеген нерсеси болсо керек", - деп кошумчалады ал.

Айтбаев батир алып берген "жакыр" Акаев миллиард рублдик хансарайын Филипп Киркоровго саткан. Акаев президент кезинде эл үчүн Кыргызстанды өнүктүргөм, ПЕСАК программасынын негизинде менчиктештирүү жүргүзгөм, айыл чарбасын реформалоодо элдин тилеги кабыл болду, Бирнштейндин көмөгү менен канадалыктар "Кумтөр" кенин иштетти деп өзүнө чаң жугузпайт. Аскар Акаевичтин эскерүүлөрүнө үңүлсөк: Ленинградда аспирант болуп жүргөндө батирге жетпей, ар кимдикинде жүргөн.

Элдин айтымында союз убагында Акаев Фрунзеге келгенде жашаганга үйү жок. Ортого Таштемир Айтбаев түшүп ал кездеги республиканын жетекчиси Усубалиевге кирип батир алып берген дешет. Он төрт жыл президент болгон Акаев Кыргызстанды самандай сапырып ар кайсы жерден хансарайларды сатып ала берген окшойт. Ошолордун бирин орус эстрада ырчысы Филипп Киркоров мурда Кыргызстандын президенти Аскар Акаевден сатып алган. Бул тууралуу «Новый век» Telegram каналы жазып чыккан.

Элиталык хансарайды сатып алган Киркоров болгар болгону менен орустардын жылдызы. Telegram каналы Росреестрдан алынган маалыматты жайгаштырган. Документке ылайык, Киркоров Акаевден "Филипповский" турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаусту сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублга бааланат. Бирок Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү белгисиз. Пентхаустун аянты 537 чарчы метрди түзөт. Турак жай комплекси Москванын борборунда Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан.

Жашарга үйү жок Акаевге биринчи катчы Усубалиевге кирип үй алып берген Таштемир Айтбаев ким? Бул жакшыгы үчүн Акаев президент кезинде кандай мансаптарды алган? Аскар Акаев жашаганга үйү жок кезде батир алып берген Таштемир Айтбаевдин жакшылыгын унуткан жок. Ал президент кезинде аны Ички иштер министри, КГБнын жетекчиси кылды, инилерин бүт мурдунан жетелеп райондорго аким кылган. Президенттер Жапаров, Жээнбеков, Атамбаев, Бакиев, Акаев, биринчи секретарлар Масалиев, Усубалиев, Раззаковдор калың элдин катмарынан чыгышкан.

Ал эми Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эл менен ойноттурган эмес? Алардын тарбиясында эшке чыгып булганыч, сасыган көчөдөгү балдар менен ойноо уят болгон. Айтбаевдерге ак сөөк атка минерлердин балдары менен гана "интеллигенттүү" ойношуп, "таптаза" жүрүш керек болгон. Деги Айтбаевдер деген ким? Совет учурунда Сыдыгалы Айтбаев Нарын облисполкомун жетектеп Турдакун Усубалиевдин Москвада окушуна жана бийликтен тез көтөрүлүшүнө жардам берген. Усубалиев ЦКга биринчи болуп келген соң Айтбаевдин балдары май-талкандуу кызматтарды ээлеп, Таштемир Айтбаев Кыргыз комсомолунда биринчи, кийин компартиясынын секретары, ИИМ министри, УКМК жетекчиси болгон, калган инилери аким жана башка чоң кызматтарды иштешкен.

Бала деген бала ким менен болсо да ойноп, өсө бериш керек. Бүгүнкү күнү Айтбаев сыяктуу көчөдөгү балдар менен баласын ойнотпогон трайбалисттер көбөйдү. Азыр мындай "айтбаевчилер" балдарын карапайым элдин балдары менен ойноткусу келбейт. Биздин кошунабыз күйөөсү жок чүйлүк, кызы менен жашайт, мектепт ен келген соң небересин дарбазадан сыртка чыгарбайт. Небереси таенеси жокто балдарга жалдырап, балдар менен тордон чыкпай ойнойт, таенеси келатканда канчалык ойногусу келип турса да балдар менен ойнобой кетет. Аттиң деп Айтбаевдер эске түшөт алар го атка минерлердин балдары эл катары иштеп жүргөн буларга эмне жок?

16 жылдан ашык чет жакта жашап жүргөндөн кийин, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев мекенине биринчи жолу 2021-жылдын 2-августунда келген. Ал алты күнгө гана келип, андан кийин кайра Москвага учуп кеткен болчу. Ал "Кумтөр" иши боюнча бир нече жолу УКМКда сурак берип, тергөө менен кызматташып жатканын билдирген. "Уу коргошун экс-министр" Алымкадыр Бейшеналиев аны Мамакеевдин хансарайында конокко алып, андан соң ал кайра Орусияга учуп кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости