www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы президенттикке талапкер Канат Исаев түзгөн тууганчылык клан бар экен. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Садыр Жапаровдун координатору Мелис Аспеков билдирди.

Ошондой эле, Мелис Аспеков Канат Исаевдин тууганчылык мамиледеги жетекчилерди санап, жазып чыккан.

1. Токмок шаарынын мэри Канат Исаевдин жакын адамы.

2. Мэрдин биринчи орун басары Канат Исаевдин жээни.

3. Шаардык башкармалар:

а) Суу-Чарба башчысы Жансеитов Ш. мэрдин жээни

б) КППнын башчысы Жакупбеков Э. Суу-Чарба башчысынын тайкеси

в) Жылуулук тармак ишканасынын башчысы Идрисов З. Канат Исаедин кудасы

4. Шаардык ооруканын башчысы Исаевдин бир тууган эжеси Исаева Б.

5. Мамкызмат (ГРС) башчысы Бакыт Жетигеновдун тууганы, Жетигенов болсо Исаевдин жакын досу.

6. Азыркы шайлоо боюнча Исаевдин Токмок шаарынын координатору мэрдин досу Жаманбаев Мырза ГКПН орун басары Исаевдин ишенимдүү адамы“, – деп билдирүү жазган Мелис Аспеков.

Президенттикке талапкерлердин бир тобу БШКга кайрылып, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабоону суранды. Бул тууралуу Канат Исаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын талаптарына ылайык, бардык талапкерлер бирдей укукка, бирдей шарттарга ээ болушу керек. Президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт.

“Тилекке каршы Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп эсептелет. Ал ыйгарым укуктарын өткөрүп берди. Бирок ошого карабастан анын артыкчылыктары бар. Анын партиялаштары УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, партиянын дагы бир мүчөсү Башкы прокурор Курманкул Зулушев. БШКдан Садыр Жапаровду каттоодон өткөрбөөнү талап кылабыз”, – деди Исаев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости