www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Facebook компаниясын кайрадан сотко берди

АКШнын 48 штаты менен Федералдык соода комиссиясы монополияга каршы мыйзамды бузду деген жүйөө менен Facebook компаниясын сотко беришти.

Алар Марк Цукербергдин компаниясы WhatsApp мессенджери менен Instagram социалдык тармагын мыйзамсыз сатып алган деп күнөө коюуда.

"Facebook он жылдай убакыттан бери рынокто ири компания болгон үчүн майда атаандаштарына басым жасап, монополист болуп келе жатат. Атаандаш болчу компаниялар чыкса эле аларды ири суммадагы акчага сатып алып коет", — деди Нью-Йорктун башкы прокурору Летиция Жеймс.

Доочулар Facebook компанисынан жогоруда сөз болуп жаткан эки тиркемени тең саттырууга аракет кылууда.

Ал эми Facebook өзү бул аракеттерди жөн гана ири бизнеске басым катары баалап, эгер мыйзам бузуу болсо эмне себептен WhatsApp менен Instagram жаңыдан сатып алынып жатканда мындай каршылык көрсөтүлбөгөнүнө таң калууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости