www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке кайрылбай арам катканың жакшы эле чокчолой баатыр. Аябай эле жанга батып кеттиңер Атамбаевдин куйруктары. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Көмүр ууру» деген макамга конгон, Атамбаевдин ырысы жок эшик шыпыргычы Мискенбаевдин төмөндөгү президентке кайрылуусун угуп, бул жигиттин чердагы анча эле жайында эмес экенине ынанасың адам.

Атамбаевди пайгамбар тутуп, Кыргызстанды бир гана Атамбаев башкарыш керек деген түшүнүктү ансыз деле өрчүбөй калган жарты мээсине совсем эле орнотуп алган бул акмакчалышка эмне десе болот?

Чегирткенин айгырындай болгон Мискенбаев! Бир жылда эле өлкөнү өнүктүрүп, сен айткандай кашыктарыбызга чейин алтын кылып жибергидей Садыр Жапаров сыйкырчы эмес. Сенин Атамбаевиң бүт арамын чыгарып, өлкөнү талоонго коюп, элди карызга чыкпай турган кылып чөктүрүп кеткен акмакчылыкты бир жылдын ичинде оңдоп коюш оңой бекен?

Саясий куугунтук деп өзүңдү, жана өзүңө окшогон анги сарайды жугунду аңдыган бок курсактарды айтып жатасың да ээ? Анги сарайга Атамбаевди алып келүү үчүн барган жоокерлерге таш ыргытып, куралдан ок атып, жоокерлерди барымтага алып, жөн эле барымтага албай, токмоктоп көк ала койдой сабаганыңар, Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөнүңөр, Самат Курманкуловду түбөлүк майып кылып койгонуңар, сен дөөдүр үчүн кылмыш эмеспи? Ушунча кылмышыңар турса, силер саясий куугунтук болуп каласыңарбы?

5-октябрга революцияга чыккандарга наам, жөлөк пул бериш керек депсиң. Эмне, каалаган убакта ак үйдү бастырып барып бийликти кулаткандарды баатыр деп, аларга мамлекеттин акчасын тарака-таксым кылып тарката берсинби? Мээң менен куруп калгыр көмүр ууру! ушул сөздөрдү кайсыл органың менен ойлонуп айтып жатасың? Ит үргөн сайын бир боорсок болуп, баатырлар ансыз деле көбөйүп кетпедиңерби? «Баатыр» деген сөздөн көңүл айнып, кускубуз келе турган болуп калды, силер окшогон жалшан баатыр сөрөйлөрдөн кийин.

Сырттан душман чындан бастырып келсе, жата калып көчүгүнүн төрүнө чейин көрсөтө турган сендей жеңил ойлуу полицайлар: өз элине, өз өлкөсүнө каршы ар кандай митинг, төнкөрүштөрдү, ыплас аракеттерди жасап келесиңер. Чыныгы элин, жерин сүйгөн патриоттор эч качан бийликти оодара чабабыз дешип чыгышпайт.

«Батукаевди көктөн алып Атамбаевди күнөөлүү кылып жатышат» деп, сен дабдыр оозу мурдуң кыйшайбай кимдердин кулагына жалгандарыңды илип жатасың? Батукаевди Атамбаевден башка бир да адам чыгара албашын, Атамбаевсиз аны чыгарганга эрки жете турган эки баштуу желмогуз өлкөдө туула элек экенин баары билет. Анан дагы Атамбаев өлкө башкарат деп тантырапсың. Билип кой: эми Атамбаев бир гана жерди башкарышы мүмкүн. Ошончо кылмыштары менен Атамбаевге давно эле туппатуура тозокко направление жазылып калган. Тозокту да кылмыштары көп адамдар, оор кылмыш кылгандар башкарышат экен. «Какраз» сенин Атамбаевиңин резюмеси ошол жерге жарашып жатып калат. Сен жана сен окшогон атамбаевский желдеттер даярдынып тургула, ошол жакта да ага кызмат кыласыңар.

Президентке кайрылбай арам катканың жакшы эле чокчолой баатыр. Аябай эле жанга батып кеттиңер Атамбаевдин куйруктары. Жаагыңарды басып, Атамбаевди унутуп, калың кыргыз элине кошулуп адамча жашай турган күнүңөр болобу? Же болбосо Атамбаев ичер суусу, көрөр күнү токтоп, барса келбес жактарга жүзүм тергени кетсе, жабыла кошо кетесиңерби? Бирок, жакшы эле болмок. Аба тазаланып, борборубуз митинг, тополоңдорду унутуп, түштүк, түндүк деп бөлгөн сөздөр жок, элдин кулактары тынчып мамыр-жумур жашап калмакпыз, жомоктогудай болуп.

Анан дагы: президенттик пост сенин чоң энеңин оюну эмес, каалаган убакта каалаган дөөдүрдү олтургузуп койгудай. Бир жолу сен акмактарга Бакиевди жаман аты кылдырып унчукпай коюп, чоң ката кетиргенбиз. Эми Садыр Жапаров кеминде жыйырма жыл жылбай өлкө башкарат, себеби аны элдин дээрлик баардыгы шайлашты, бир ууч жугундукорлордон башка. Садыр Жапаровдун башкаруусу жакпаса, бокчоңорду түйүп өлкөдөн чыгып кеткиле», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости