www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Женевада (Швейцария) Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга чейин кыргыз тарапка «Centerra Gold Inc» компаниясынын жетекчисинен кат келип түшкөн. Анда Скотт Перри азыркы кырдаалды жөнгө салуунун бардык мүмкүн болгон жолдорун карап чыгуу үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган.

Сүйлөшүүгө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөр Голд Компанинин» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагынын адистеринен турган кыргыз делегациясы барган.

Тараптар өз ара пикирлерди угушту.

«Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ыраазы жана керек болсо өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды улантууга даяр», - деди Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости