www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы мамлекетти басып алгысы келсе, ошол мамлекетти элсиз калтыруу үчүн, ал элди караңгы саясатка азгыруу үчүн дин ыңгайлуу продукция. Мындай пикирин Нуржан Сакиева аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.

«Мекен бирөө гана...

Ар бир элде бирден гана Мекен бар! Кээ бир элдердин мекени да жок!

Бүгүн Мекен Сирия ооруган оору менен, Афганистан кор болгон кордук менен, Ливан тарткан азап менен мүшкүлгө туш болбошу керек! Бул жагдай мен ойлоп таап жазып жаткан кыял эмес! Бул дүйнөлүк практика көрсөткөн ачык далил! Эртеңки күнү өз элине ок ата турган фанаттар мечиттерде даярдалып жатат десек, аларды коргоп жанталашкандар чекеден чыгат!

Эл деген ким ошол фанаттардын балдары, туугандары, кыздары, уулдары! Мен го аларга душман экемин! Ушул сөздөрдү айткандыгым үчүн душманмын да албетте!

Бүгүн эл башында тургандар, өлкө жетекчилери ойлонбосо эртең кеч болуп калат! Кайсы мамлекетти басып алгысы келсе, ошол мамлекетти элсиз калтыруу үчүн, ал элди караңгы саясатка азгыруу үчүн дин ыңгайлуу продукция же жемиштүү аракет болуп эсептелет жана үзүрүн ийгиликтүү төгүп берет. Буга жогоруда айтылгандай эле Сириянын, Ливандын, Пакистандын, Афганистандын тагдыры күбө. Дин тутунба деп эч ким айтпайт албетте. Бирок дин тутунуп жатканда дагы кээ бир радикализмдин зыяндуу жактарын эсине алып коюуу пайдалуу эле болот!

Мамлекет башчылары улам убакыт өткөн сайын дүйнөлүк саясатта динди террордук кыймылдарга колдонуу аракети күч алып баратканын эске алып, элге жок дегенде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Антпесе эртең тентип, кырылып, жок болуп, жоюлуп кетүү коркунучу бар!

Болбосо ар бир эле чиновник эртең бала-чакам менен баш калка издеп кетем деп өлкөнү карабай таштап койсо, ошол барган жеринен деле ошолор оң таппайт. Элдин каргышы, убалы уктатпайт! Мекендин ар бир тоосу, ташы каргайт ошого ким жол берсе!

Мени талап жегиле фанаттар. Бирок бул нерсени эскертип турганга бир адам керек деп ойлойм!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости