www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык оор кырдаалда өнүгүүгө бет алган тармак IT жана аралыктан иш алып барууга мүмкүн болгон тармактар экени белгилүү. Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азис Абакиров «2030-жылга чейин 50 миң программистти даярдап чыгуу парктын негизги максаты» дейт.

Ошондой эле бул тармакка мамлекет тарабынан берилген салык түрүндөгү жеңилдиктер эбак эле өзүн актап койгонун белгилейт.

IT тармагын колдоо туура кадам болгон 

Жогорку технологиялар паркынын идеясын колдоо туура чечим болгонун сандар айтып турат. Анткени мыйзам 2011-жылы кабал алынганы менен күчүнө 2012-жылы кирген.

Мыйзам иштеп баштаганына эки жыл болгондон кийин эле Кыргызстанда катталган IT компаниялардын саны 167%га өскөн, социалдык төлөм түрүндө мамлекеттик казынага бир жарым миллион сомго жакын каражат төлөнгөн.

Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 327%га көп болгон, ал эми киреше салыгы түрүндө түшкөн каражат төрт эсе өсүп, 380%ды түзүп, жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашкан.

Андан кийинки жылдары дагы IT тармак жалаң гана өсүш үстүндө келе жатат

Катталган компаниялардын, анда иштеген кызматкерлердин саны такай өсүп жатат. Жыйынтыгында, мамлекетке төлөнгөн салыктардын саны дагы жыл санап көбөйүүдө.

Ырааттуу айта турган болсом, компаниялардын саны 2015-жылы 13, 2019-жылы 81ге жеткен. Азыр мындан дагы өстү. Кызматкерлердин саны 2015-жылы 111 болсо, 2019-жылы 761ге жеткен.

Социалдык төлөмдөр 2015- жылы 1 млн. 711 миң, 2019-жылы 15 млн. 449 миң сом болгон. Киреше салыгы 2015-жылы 2 млн. 445 миң, 2019-жылы15 млн. 654 миң сом өсүшкө жеткен.

Салыктан жеңилдик берүү кирешени көбөйтөт

Ошентип, мындан сегиз жыл мурун эле Кыргызстанда болгону үч IT компания катталып, анда 59 киши иштеп, жылына социалдык төлөм жана киреше салыгы түрүндө болгону 750 миң сом төлөп келишсе, 2020-2021-жылдары Кыргызстанда иш алып барган IT компаниялардын саны жүзгө чукулдап, жети жүздөн ашуун кишини иш менен камсыз кылып, мамлекетке киреше салыгы жана социалдык төлөм түрүндө 38 млн. сомдон ашуун пайда алып келип жатат.

Мамлекет салыктын жүгүн азайтып, чогулган салыктын көлөмүн көбөйтө алганы бир караганда таңгалычтуу көрүнгөнү менен бул нормалдуу көрүнүш. Анткени салык жүгү оптималдуу болуп калган соң, жашырынып иштеп келген компаниялар ачыкка чыгып, салыктарды төлөй баштаган. Демек, бизнеске жеңилдик берүү менен мамлекет утушка ээ болду.

Булак: Азия News гезити

Последние новости