www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын мурунку президенти Михаил Сакашвили өз өлкөсүнө келгенде мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келгенин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе билдирди.

«Ал Грузияга төңкөрүш жасоо жана өлкөгө баш аламандык алып келүү коркунучун ишке ашыруу үчүн келген. Буга ылайык, укук коргоо органдары анын жаңы кылмышынын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшкөн», - деди Кобахидзе журналисттерге.

Белгилей кетсек, мурунку президент кечээ, 1-октябрда кармалган. Ал мекенине 8 жылдан кийин биринчи жолу — муниципалдык шайлоонун алдында кайтып келди. Саясатчы камакка алынганга чейин грузиндерди добуш берүүгө барууга үндөгөн видео жаздырууга жетишкен.

Эске салсак, буга чейин Грузияда Саакашвилиге каршы 4 кылмыш иши козголгон жана экөөө боюнча саясатчы сыртынан күнөөлүү деп табылган. Кармалгандан кийин ага каршы бешинчи кылмыш иши — чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча козголгон. Ал өлкөгө мыйзамсыз киргенин Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Саакашвилинин кармалышына байланыштуу Грузиянын элчисин чакыртты. Украина президентинин пресс-катчысы Сергей Никифоров Киев окуяларга көз салып турганын, Зеленский тынчсызданып жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости