www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: АКШда 700 миңден ашуун адам акка моюн сунду

Коронавирус АКШда 700 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

1-октябрдагы маалыматка караганда коронавируска чалдыккандардын жаңы саны азайып жатканына карабай, күн сайын 1900гө чамалуу адам коронавирустан көз жумууда.

Акыркы күндөрү АКШда күн сайын орто эсеп менен 112 миң адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул сентябрдын башындагы 160 миң адамга караганда кыйла аз. Вирус жуктуруп ооруканага жаткандардын саны күнүнө 79 миңге чамалуу, бул өткөн айдын башындагы көрсөткүчтөн 20 миңге аз.

330 млн. калкы бар АКШда коронавирустан көз жумгандар саны жагынан азырынча алдыда. Вирустун «дельта» штаммы Америкада тездик менен жайылып жатканы, бул өзгөчө эмдөө көрсөткүчү төмөн аймактарда көп катталганы кабарланууда. Эмдөө өнөктүгү башталгандан бери өлкөдө 12 жаштан жогору адамдардын 65% вакцинанын эки дозасын тең алган. 76% адам кеминде бир дозасын алган. Жалпы америкалыктардын 70 миллионго чамалуусу коронавируска каршы эмделген эмес.

Сентябрда президент Джо Байдендин администрациясы федералдык жумушчулардын баары милдеттүү түрдө эмделсин деген буйрук чыгарган. Ага ылайык, 100дөн ашуун адам иштеген ишканалардагы жумушчулар эмдөөдөн өтүүгө же апта сайын вируска текшерилип, тест тапшырууга тийиш.

Калифорния окуучулардын жана студенттердин эмделүүсүн талап кылган алгачкы штат болду. Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөөчү башкармалык уруксат берсе, кенже мектептердеги балдар да эмделери күтүлүүдө.

Эске салсак, 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус дүйнө жүзүндө 5 миллионго чукул адамдын өмүрүн алды. Окумуштуулар COVID-19 вирусунан көз жумгандардын чыныгы саны алда канча көп экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости