www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыда болчу Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы эч ким күтпөгөндөй болуп калышы да мүмкүн. Мындай оюн «Пикир» регионалдык эксперттер клубунун теңтөрагасы Игорь Шестаков билдирди.

Ал КРдин «Альфа» атайын бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы менен «Пикир» регионалдык эксперттердин клубу биргеликте уюштурган тегерек столго катышты.

Адистин айтымында, мурда парламенттик шайлоолордо бийликтин партиялары фаворит болчу.

«Бизде бардык шайлоолордо бийликтин партиясы катышчу. Алар сөзсүз өтөрүн элдин баары түшүнчү. Маселе мандаттардын санында болчу. Азыр бизде саясий уюмдар бар, алар өздөрүн бийликтеги партия катары көрсөтүшүүдө, бирок бул шайлоо алардын канчалык деңгээлде бекем түптөлгөнүн ачыкташы керек. Ушул себептен улам дагы шайлоодо чоң интрига бар», — деген Шестаков.

Саясат таануучу жаңы шайлоо мыйзамдары добуш берүүнүн жыйынтыгынын күтүүсүз болуп чыгышына дагы таасир эткен бир фактор болот деп эсептейт.

«Жаңы шайлоо мыйзамынын кемчиликтери дагы бар, анткени ал жаңы. Бул жагдай партияларга пайда келтирбеши мүмкүн. Жаңы шайлоо мыйзамы партиялардын арасында пикир келишпестикти жаратышы мүмкүн, анткени саясий бирикмелерден парламентке ким шайланарын эч ким так билбейт. Талапкерлер партиянын имиджи эмес, өзү үчүн чуркашат», — деп белгилеген эксперт.

Шестаков Кыргызстандагы партиялар эң кыйын учурду баштан кечиришет деп эсептейт.

Белгилей кетсек,  Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости