www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Текебаевдин элдешпес душманы болуш керек эле. Түрмөдөн чыккандан кийин Текебаев бокчосундагы бар тапканын чачып, мүмкүн болушунча Атамбаевден өч алыш керек эле. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов бүгүн, 25-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Адахан Мадумаров - Кыргыздын чекесине чыккан кетпес мээнет. Ушул 5, 6 киши жана алардын фанаттары жоголмоюнча Кыргыз мамлекети тынчыбайт, өнүкпөйт, өспөйт» - деп илгери бир улуу адам айтса таң калгам. Көрсө чын эле акыркы жылдардагы аракеттерин көрүп, анализдеп, ошол аксакалдын айткандары акыйкат экен деп ынанып калдым.

Кулов, Отунбаева, Текебаев, Мадумаровдорду эл ичинде: карт бөрүлөр, күчтүү саясатчылар дешип айтып жүрүшөт. Элди го мейли, булар өздөрү деле: «Кыргызстандын үстүндөгү асманды биз кармап турабыз, биз болбосок кыргыздар үчүн жашоо токтойт» дегендей түшүнүктө жүрүшкөнүнө акыркы он жылда ынанып деле калдык окшойт. Туура, булардын күчтүү саясатчылар экенинде шек жок деңизчи, бирок, күчтүү саясатчылардын деле жаман, жакшысы болот турбайбы. Мисалы: Атамбаевге окшогон өзү башкарган элине, өзү кыянаттык кылгандар, Темир Сариевге окшогон: «президент «только» Чүйдөн чыгыш керек» деген бою да кыска, боюна жараша ою да кыска саясатчылар болот экен. Антпегенде, Атамбаев менен Сариев деле эски, күчтүү саясатчылардын катарында жүрүшөт эмеспи.

Мен, өзүмдүн түшүнүгүмдө: саясатчымын деп баш көтөрүп жүргөн ар бир адамдын өзүнүн, эч кандай шартта да өзгөрбөгөн туруктуу принциби болуш керек деп билем. Мен бүгүн Кулов, Отунбаева, Текебаев, Мадумаровдордун бизге түшүнүксүз болгон, карманган принциптери тууралуу жазгым келет:

1. Текебаев 2017-жылы эмне үчүн камалганын баарыбыз билебиз. Текебаевди Дача Суга келген самолет Атамбаевге тиешелүү экенин далилдеп койгондугу үчүн, Маевскийди шылтоо кылып камап салышкан. А түгүл Дача Су тууралуу Текебаевдин далилдерин айта коебуз дешип, Текебаевдин адвокаттары Атамбаевдин каарына калышып, соттон моюндарына миллиондорду илип алышканын да билебиз. Ошентип, Текебаев үч жылдай түрмөдө олтуруп чыкты. Суроо туулат: кана ошол Текебаевдин Дача Су боюнча тапкан далилдери? Үч жылдык өмүрү «ни за что» түрмөдө өтпөдүбү Атамбаевдин кесепетинен. Демек, Атамбаев Текебаевдин элдешпес душманы болуш керек эле. Түрмөдөн чыккандан кийин Текебаев бокчосундагы бар тапканын чачып, мүмкүн болушунча Атамбаевден өч алыш керек эле. А Текебаев болсо, Атамбаевдин атын аташтан уялган немедей жым. Мейли, Атамбаевден өч албасын, бирок Дача Су тууралуу далилдери жалпы кыргыз элине керек да. «Конституциянын атасы» деп аталган Текебаевдин андай далилдерди бекитип олтурганы мыйзамга туура келбейт, кылмышты жашырган болуп эсептелет. Ушулардын баарына ой жүгүртүп олтуруп, мен мындай жыйынтыкка келдим: Демек, Текебаевдин Маевскийден миллион доллар алганы чын. Тили кысык болуп калган үчүн олтурат үн чыгарбай пысып. Ушундан кийин ушул адамды принциби бар күчтүү саясатчы деп болобу?

2. Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясы эки жолку: 2010 жана 2015 жылдардагы шайлоолордо парламентке өткөн жеринен, Атамбаевдин арам аракеттеринин кесепетинен борттон сырт жакта калып кеткен. Ошондон кийин Мадумаров күйүтүнө чыдабай, Атамбаевдин алты жылдык башкаруусуна каршы: «мен макул эмесмин» кыймылын түзгөн. Элдин баары Мадумаровду Ленин атабыздай көрүп, жата калып этегине намаз окуй баштаганбыз. Жыйынтыгында эмне болду? «Мактаган кыз тойдо осурат» болуп, Атамбаев кетип, Жээнбеков келген күндөн баштап, баягы Атамбаевге тишин кайрап жүргөн Мадумаров: «Эгер Жээнбековго бирге каршы чыга турган болсок, мен Атамбаев менен кызматташам» деп, Атамбаев деген азыркы ойношуна ишенип, бир убактарда эки жолу эрсиз калганын бир заматта унутуп койсо болобу.

Президенттикке өтпөй калгандагы ызасы окшойт, бир аздан кийин өзүнө келип калаар деп жүрсөк, биз кожобуздай колдогон Мадумаров: «Атамбаевдин кол тийбестигин мыйзамсыз алышты» деп бир паста Атамбаевдин адвокаты болуп чыга келди.

Анысы деле мейличи, Мадумаров мыйзамды суудай ичип койгон адам, мүмкүн туура айтып жаткандыр деп, биз сабаты жок шоруң каткырлар дагы деле андан үмүт үзбөй жүрсөк, күзүндөгү парламенттик шайлоонун алдынан Мадумаров Атамбаевдин балдары менен жашыруун кафеде жолукканы, жана 5-октябрдагы тополоңдо Атамбаевчилер тарапка өтүп алганы, биздин акыркы бүлбүрөп турган үмүтүбүздү быт чытын чыгарып салды. Өзүн элдин баарынан кыйынмын, билимдүүмүн, күчтүүмүн деп жүргөн карт саясатчынын принциби кайда калды?

3. Куловдуку кыска, нуска. Атамбаев Куловдун улуу адам экенине карабай «жыгач генерал» деп шылдыңдап, Куловдун көп жылдар бою топтогон биртке аброюн жер менен жексен кылып салган болчу. Ал эми Кулов болсо, бүгүнкү күндө: «Атамбаевди эркиндикке чыгаргыла, ден соолугуна кам жегиле, чет мамлекетке сайраңдатып жөнөткүлө» деп баласына болушкан урушчаак аялдардай күйпөлөңдөп жүрөт. Кайда калды карт бөрүнүн карманган принциби?

4. Отунбаеваныкын айтып, түгөтүп болбойт. Анын акыркы өнөрү эле адамдын көңүлүн иренжитет. Президенттик шайлоого, референдумдун өтүшүнө бар мүмкүнчүлүгүн жумшап, колунан келишинче арам аракеттерди кылды. Садыр Жапаровду элге бөкөчө кылып көрсөткүсү келди. 80% карапайым эл Садыр Жапаровду тандаган шайлоону «кыйшык шайлоо» деди.

Дал ошолордон кийин, Садыр Жапаровду президент болушу менен куттуктап жатканы, бул эч кандай принципке туура келбейт. «Садыр Жапаров президент болсо, башка өлкөлөр бизди карабай коет, кыргыздар ачка калат» деп былжыраган адам, бир аз күтүп туруш керек да куттуктабай, качан биз ачка калып, байкуш болуп калганча. Анан кол чаап чыгат эле. Отунбаеванын бирден бир максаты: Садыр Жапаровдун жанына жетип, колтуктап, далысынан таптап ишеничине кирүү. Ошенте турган болсо эле Садыр Жапаровдун иши бүттү. Төрт президенттин түбүнө суу куйган Отунбаеваны президенттик инаугурацияга жолотпогула деп бекеринен какшап жаткан жокмун да.

Эми ойлоп көргүлө: өлкөгө ар жаңы президент келген сайын, түрүн өзгөрткөн жаныбарлар сымал өзгөрүп турган ушул туруксуз карт бөрүлөргө ишенебизби, же он жылдан бери биздин баардык азаптарыбыздын себепчиси болушкан: Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев, Кулов окшогондорго каршы принциптерин өзгөртөпөй, ар дайым эл тарапта болгон Садыр Жапаров, Камчы Ташиевгеби? Бекеринен эл азаматтарды тандаган жок да, туурабы?», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости