www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун төш белгисин жана анын штандартын жасоого 578 999 башкача айтканда (6800 АКШ доллары) коротуларын инаугурацияны уюштуруу тобунун жана президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Кыргыз Республикасынын президенттеринин төш белгилерин Opal зер компаниясы жасап келет. Өз кезегинде аталган компаниянын жетекчилиги төш белгинин чыныгы баасы жана кандай металлдан жасалаары боюнча аларда уруксат жок экенин  маалыматта билдирген. Балким чыныгы баасын эл дүрбөп кетпесин дешип жашырып өткөн бийликтен бул бийликке эстелик сымаал өткөн экономика министри Муканбетов Санжарбек,  ушундай акча каат заманда  штандартка эле миллиондогон акча коротуп элден жашырып жаткан финансы министри, кыялы менен Жапаровду периштедей асманга учуруп жаткан Кыялбек Мукашев жана Усубалиевге алма ташып жүрүп, Жапаровдун учурунда чоң мансапка жеткен Сүйүнбек Касмамбетов билер. Ал эми мындай идеяны Текебаевдин «Ата-Мекенинде» жүрүп, элди дүрбөтүп вице-премьер болгон Элвира Сурабалдиева кош колдоп колдоор. Анткени, ал Текебаевди «кидать» этип Жапаровго жага албай жүрөт да. Аттиң, дүйнө акча каат заманда мынчалык эмне кошматка кой союшканын кара. Булар элге тиешелүү мамлекеттик бюджетти туш келди чача баштады. Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өткөрүү боюнча долбоордо бюджеттен 15 млн сомго жакын акча каралган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости