www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен элди түштүк, түндүк деп бөлгөндөн алысмын, бирок бийлик кызматтарын бөлүштүргөндө: эң оболу күчтүү, сабаттуу, басып өткөн эмгек жолу бар адамдарга басым жасалыш керек. Ошол эле убакта, регионалдык баланс да сакталыш керек. Антпегенде «бир үйдүн чырагы башка үйгө тийбейт» дегендей, кайсыл бир региондор өлкөнүн өнүгүү процессинде көңүл бурулбай сыртта калып кетиши мүмкүн. Тем более биз кыргыздарда «өзүбүздүн уул» «менин жерим» деген түшүнүк өтө күчтүү өрчүп кеткенин эске алышыбыз керек. Башканы кой, Момбеков деле депутат башы менен, сөз келип калганда: «Таластан кызматтарда эч ким жок» деп бакылдап жатып калганын убактарын көргөнбүз.

Түштүктө тың чыкма, бычакка сап кадрлар толтура. Мисалы: Премьер-министрлик кызматка:

Бардык баскычтарды басып өткөн, экономикалык эсеби так, Кыргыз мамлекетин ар тараптан өнүктүрүп кетүүгө билими, тажрыйбасы жетиштүү, күчтүү менеджер, духу күчтүү Акматбек Келдибеков, же болбосо:

Жасаган ишин майын чыгарган, мекенчил, чарбагер, өз иши менен оор кырдаалда өзүнүн уюштургуч жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган Мырзакматов Мелис Жоошбаевичти койсо Садыр Нургожоевич адашпайт деп ойлойм, себеби президентибиздин өтө жоопкерчиликтүү ишинде күчтүү команда керек.

Ошондуктан: ким экендигине карабай, мурдагы мамилелерин эстен чыгарып, күчтүү кадрлардан команда түзүүсү зарыл. Тем более, Садыр Нургожоевич кечээ эле шайлоо компаниясы убагында, өзүн каралаган, үстүнөн жугунду куйган атаандаштарын (беш-алтоосу) кызматташууга чакырып жатпайбы, аларга элдин ишеничи калбаганына карабай.

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич да премьер-министрлик кызматка таттыктуу. Бирок, Камчыбек Кыдыршаевичтей болуп башка бир да адам УКМКны жетектей албайт. Башка кызматтар жөнүндө эч нерсе айта албайм, бирок Садыр Нургожоевич УКМК менен прокуратурага достойный кадрларды койду: Ташиев, Зулушов.

УКМКда Ташиевдей духу күчтүү генерал туруш керек. Эки-үч ай эле иштегенине карабай, Ташиев акыркы 30 жылдагы эң күчтүү, эч нерседен коркпогон, керек болсо өзүнүкүн да аябаган чыныгы башчы болду.

Мындан сырткары, улай турган болсом:

1. Райымбек Матраимов

2. Надира Нарматова

3. Улукбек Кочкоров

4.. Улукбек Ормонов

5. Элмурза Сатыбалдиев

6. Аалы Карашев

7. Бакыт Төрөбаев

8. Бабур Төлбаев ж.б. күчтүү адамдар көп.

Шамурза Бөрүкулов

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости