www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапров укук коргоо органдарына "пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла",-деди. Ал мындай пикирин фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. .  

--“Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!

Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!", - дейт Жапаров. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости