www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы, жемкорлукка шектелип декабрда кармалган бажы кызматкери мамлекетке 100 миң доллар төлөп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 29-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспекторун 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлаган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүш үчүн жеке ишкерден акча талап кылганы айтылган.

Расмий маалыматта кармалган жарандын аты-жөнү ачык берилген эмес. Кийин ал Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экени белгилүү болгон. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости